Политика

Орозбек Опумбаев, УКМКнын төрагасы: “Ниязбековдон тышкары 6 кызматкерди курал менен атышкан”

13 августа 2019 года, 12:02 Рубрика: Саясат

Автор:

Орозбек Опумбаев, УКМКнын төрагасы: “Ниязбековдон тышкары 6 кызматкерди курал менен атышкан”

Алмазбек Атамбаев спецназ кызматкерлерин максаттуу өлтүргөн. Ал, операция учурунда каза болгон Ниязбековду жүрөгүнө аткан. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев бүгүн, 13-августагы маалымат жыйында билдирди:

-Алмазбек Атамбаев бийликти кан төгүү жолу менен басып алыш үчүн, эӊ туура эмес кадамдарга барды. Алар таш менен уруп, каршылык көрсөтүп жатканына карабай кызматкерлер курал колдонгон жок. Мындай абалдан пайдаланып Атамбаевдин тарабы курал менен атышкан. Алар, коркутуп же чочутуу үчүн эмес, максаттуу түрдө өлтүрүш үчүн атышкан. Каза болгон Ниязбековдун жүрөгүнө ок тийген. Мындан тышкары 6 кызматкерге ок тийип, оор жаракат алышкан. Менин сыр болсун үчүн ысымын атабай эле коеюн. Алар төмөндөгүлөр:
Ага лейтенант, туулган жери Нарын облусу – сол көкүрөгүнө ок тийген.
Майор, туулган жери Ысык-Көл облусу – сол далысына ок тийип, мээси чайкалган.
Лейтенант, Нарын облусунда туулган – көкүрөгүнө ок тийип, жарадар болгон.
Полковник, Чүй облусунда туулган – ичине ок тийип жаракат алган жана Атамбаевдин тарапташтары тарабынан сабалган.
Подполковник, Бишкек шаарынын тургуну – оӊ капталына ок жаӊылган.
Подполковник, Бишкек шаарында туулган – оӊ капталына ок тийип, колу сынган.

Бөлүшүү:

Megacom