Общество

Ош шаарындагы айрым көчөлөргө жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор курула баштады

11 января 2019 года, 16:04 Рубрика: Коом

Автор:

Ош шаарындагы айрым көчөлөргө жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор курула баштады

Ош шаарынын Аман Асранкулов көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду куруу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда шаардык мэрянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, жөө адамдар жүрүүчү жолдун узундугу 157 метр, туурасы 3 метр болмокчу.

"Учурда таштөшөө үчүн (брусчатка) жер тегизделип, даярдык иштери иштери жүрүүдө. Курулуш иштерин шаардык жолдор башкармалыгы 3 ай ичинде бүткөүүсү пландалган. Жолду куруу иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланып,аны сапаттуу куруу боюнча шаар мэри тапшырма берген. Бул курулулуш аяктагандан кийин башка көчөлөрдөн куруу иштери улантылат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин "Азаттык" радиосу Ош шаарында айрым адамдар жөө басуучу жолдорду өзү билемдик менен тосуп же ашкана, дүкөн куруп алгандар тууралуу жазып чыгышкан.

Бөлүшүү:

Megacom