Общество

Ош шаарынын милициясы «Кой –Ташта» жаракат алган кесиптешине кол сунат

13 августа 2019 года, 18:10 Рубрика: Коом

Автор:

Ош шаарынын милициясы «Кой –Ташта» жаракат алган кесиптешине кол сунат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ушул жылдын 7-август күнү Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы баш аламандык учурунда жабыр тарткан Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Самат Курманкуловго жардам көрсөтүшөт. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн башкармалыктын бөлүмдөрү менен кызматтарынын жетекчилери катышкан жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Өздүк курамдын бир күндүк айлык маянасы жардам иретинде кызмат учурунда жабыр тарткан Самат Курманкуловдун үй бүлөсүнө тапшырылмакчы.

Эске салсак,42 жаштагы Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Самат Курманкулов 7 августтан 8 августка караган түнү Атамбаевди кармоо операциясы учурунда оор жаракат алган.

Бөлүшүү:

Megacom