Происшествия

Ошто 2 жашар баланын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды

11 января 2019 года, 17:40 Рубрика: Окуялар

Автор:

Ошто 2 жашар баланын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды

Ош шаарында 30 жаштагы аял тарабынан катуу сабалаган 2 жаштагы бала көз жумду. Мындай маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя кечээ 10-январда орун алган.

"Ош облустук балдар ооруканасына катуу сабалган наристе туугандары тарабынан алынып келинген. Дарыгерлер балага кароо жүргүзүшкөндө анын ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калгандыгы аныкталган. Мындан улам алар тартип сакчыларын чакырышкан.

Ош ШИИБинин ыкчам-иликтѳѳ тобу баланын киши колдуу болгонун божомолдошуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык баланын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмышка шектүү катары каза болгон наристенин атасынын бир тууган агасынын 1988-жылы туулган аялы кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүү аял өз кѳрсѳтмѳсүндѳ баланы шымына сийип койгондугу үчүн кээде чымчып, буттарына уруп жүргѳндүгүн айткан. Муну шектүүнүн күйөөсү да тастыктаган.

Каза болгон баланын атасы Орусияда эмгектенип жүрөн, ал аялы менен ажырашкан соң баласын агасынын үйүнө карап туруу үчүн таштаган.

Бөлүшүү:

Megacom