Политика

Памирбек Асанов ИИМдин орун басары болуп дайындалды

13 августа 2019 года, 18:17 Рубрика: Саясат

Автор:

Памирбек Асанов ИИМдин орун басары болуп дайындалды

Памирбек Асанов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бул орунда Курсан Асанов 2011-жылдан бери иштеп келген.

"Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Бөлүшүү:

Megacom