Президент 2019-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыялады

9 үчтүн айы 2019 года, 13:11

Президент 2019-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыялады

2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланат. Бул тууралуу Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда ал 2018-жылды "Аймактардыу өнүктүрүү жылы" деп жарыялаганын жана негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө багытталганын айтты.

"2018-жылы 2500дөн ашуун адамды жаңы жумуш орундары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк болду. Бардыгы болуп 200дөн ашуун айыл-чарба продукциясын сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү, текстиль-тигүү тармагында, курулуш материалдарын чыгаруучу жаӊы ишканалар иштей баштады", - деди президет.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат. Ал эми кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берилмекчи.

"Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат", - деп белгиледи Жээнбеков.

Мындан сырткары мамлекет башчы билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик тартип киргизилетрин айтып, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырыларын белгилеп өттү.

Бөлүшүү:

Megacom