Политика

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту (сүрөт)

9 августа 2019 года, 11:39 Рубрика: Саясат

Автор:

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту (сүрөт)

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалыматтык саясатты камсыздоо бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.

Мен ар дайым Сиздин колдооңузду сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон чыныгы дос катары билишет. Биз Сизди Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле кылган жакын дос деп эсептейбиз.

Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-россиялык кызматташуу активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү:

Megacom