Политика

Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев ок атса да, бийлик элге ок аткан жок

8 августа 2019 года, 18:52 Рубрика: Саясат

Автор:

Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев ок атса да, бийлик элге ок аткан жок

Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздык көрсөттү« деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздык көрсөттү« деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок.Кырдаалды мындан ары курчутпоого аракет кылдык», - деди Жээнбеков.

Анын айтымында, айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылат.

«Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок.Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду.Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик. Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат», - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Бөлүшүү:

Megacom