Политика

Сооронбай Жээнбеков: Коомдун ынтымагын, элдин тынчтыгын баарынан жогору баалап, сабырдуу бололу!

8 августа 2019 года, 20:11 Рубрика: Саясат

Автор:

Сооронбай Жээнбеков: Коомдун ынтымагын, элдин тынчтыгын баарынан жогору баалап, сабырдуу бололу!

Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр биримдикте, чогуу болуп, коомдун ынтымагын, элдин тынчтыгын баарынан жогору баалап, сабырдуу бололуусу керек. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, тилекке каршы өлкөнүн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болгон.

«Баары тең мыйзамга баш ийип, тергөөгө келип, сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп, тергөөгө баргандан баш тартты. Элди, жарандарды курмандыкка алып баруудан да кайткан жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент өз сөзүндө өлкөнүн тынчтыгын, коомдогу коопсуздукту, элдин тынч жашоосун сактоого баардык иш-аракеттер көрүлүп жатканын билдирди..

«Бизнестин корголушун, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылабыз. Жарандарыбыз, элибиз кабатыр болбогула! Мамлекеттик бийликке, мыйзамга ишенгиле!», - деп сөзүн жыйныктады Сооронбай Жээнбеков.


Бөлүшүү:

Megacom