Аналитика

Сындалган кодекстер, сыналган бийлик

20 января 2019 года, 20:19 Рубрика: Аналитика

Автор:

Сындалган кодекстер, сыналган бийлик

Жыл башы менен жаӊы кодекстер күчүнө кирип, коомчулукту да, бийликти да түйшөлтүп туру. Турмушту оӊдойт, укуктук мамлекеттүүлүктү бекемдейт, адам укуктарынын сакталышына карай чоӊ кадам делген ;аӊы кодекстердеги айрым новеллаллар ишке ашып-аша электе сынга кабылды, сыноого тушукту.

Сындаганы түшүнүктүү, жаӊы мыйзамдар коомчулукта ар түрдүү реакцияны жаратып келгени дээрлик баардык өлкөлөргө мүнөздүү. Ар кандай мыйзам зарылчылыктан улам чыгат. Бирок адам турмушунун ар бир кадамын мыйзам менен жөнгө салууга мүмкүн эмес. Зарылчылыгы да жок. Биз кыбыр эткен көрүнүштүн ар бирине көчүрмө мыйзам чүргөй салып, жазалоо чаралары аркылуу гана жөнгө салууга жолуна түшүп алдык окшойт, тилекке каршы. Ушул тар жол менен Баш мыйзамды алгач кабыл алып, анын эгемен мамлекет кезден бери нечен ирет өзгөрткөндөн тартып келе жатабыз. Баш мыйзам - Конституциянын көтөрө турган жүгү, мыйзамдар иерархиясында орду, статусу, аткарган функциясы, логикасы, идеологиясы жана маданияты болот. Муну ар бир конститутолог жакшы билет. А биз жөнөкөй мыйзам же өкмөттүн токтому менен жөнгө салынуучу, конституциянын масштабына чак келбеген көрүнүштөргө байланыштуу ченемдерди, улам боло бермеги анык өзгөрүүлөрдү эске албастан утурумдык жоболорду киргизип алдык. Мамлекеттик түзүлүштүн негизги принциптери жана адам укуктарынын универсал жана негизги жоболору болсо бир жөн, айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын отчетторун угуу, соттордун курултайларын өткөрүү тартиби сыяктуу нерселер конституциялык жобого айлантып алганбыз. Ал жоболор турмуш, кырдаал өзгөргөндө актуалдуулугун жоготот, конситуциялык өзгөртүүлөрдү талап кылат. Ушул сыяктуу маселелер конституцияга жетпей эле, тиешелүү мыйзамдар менен жөнгө салынса болот беле. Абдан туура болмок. Эл аралык тажрыйба кандай? Биз ооз жүзүндө үлгү кылып келген, аларды иш жүзүндө аткарууга ниетибиз жетишсиз өлкөлөрдөн мисал келтирейин. Улуу Британиянын бирдиктүү, кодификацияланган конституциясы жок. Дүйнөдөгү эӊ ири жана кубаттуу державалардын бири. Конституциянын жоктугу Англиянын дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин сап башындагы ири держава, укуктук, демократиялуу өлкө катары ургаалдуу өнүгүүсүнө кедергисин тийгизгени жок. Бул өлкөдө ийне-жибине чейин турмуштук кырдаалдар мыйзам катары жазыла берген эмес. Укуктук системасында традициялар, каада-салттар, укуктук-турмуштук аналогия (окшоштук) аракеттенет. Адамдын кайсыл бир аракетине же окуяга карата эгер ал мыйзамда көрсөтүлбөсө, Англиянын традициясына же адатка таянып же буга чейинки ошого окшош көрүнүштүн мисалында, прецедент принцибинде укуктук баа берилет. “Викториан доорунан алда канча мурда король чыгарган эдикттеги (жарлыктагы) жобого таянып, андан эки кылым өткөн соӊ Йоркшир графтыгынын урматтуу соту чыгарган чечимди колдонуп, бул аракетти мыйзамдуу деп баалоого болот. Норфолк графтыгынын соту Гарольд мырзанын Чайльд мырзага каршы ишин кароону аяктады, процесс жабык”. Болжолу мына ушундай фраза менен аяктаган бүтүмдү Англия өлкөсүнүн соттук практикасынан бүгүн да байма-бай кезиктирүүгө болот.

Конституциянын ченемдери, жоболору жеӊил баа болууга, кайта-кайта өзгөртүлүүгө жана утурумдук көрүнүштөрдү камтууга тийиш эмес. Бул Баш мыйзамдын башкы эрежелеринин бири. Америка Кошмо Штаттарынын масштабы менен анын 1789-жылы кабыл алынган Конституциясынын көлөмү, биздин өлкөнүн масштабы менен эчен ирет өзгөртүлгөн Конституциябыздын көлөмүн, андагы жоболорду салыштыруу биздин мамлекеттин укуктук практикасынын пайдасына чечилбейт. АКШнын Конситуциясы баардык толуктоо-түзөтүүлөрдү (Amendment) кошкондо 32 беттен турат. Кабыл алынгандан бери өзгөртүлгөн жок, болгону 27 түзөтүү, анын акыркысы 1993-жылы киргизилди. Болду. Ушул чакан Конституция менен Америка дүйнөнүн эӊ таасирдүү борбору, экономикасы кубаттуу держава, ааламдын кай жеринде болбосун адам укуктарын сактоонун кепил болгусу келген, ошого кудурети жетиштүү мамлекет. Штаттарында губернаторун дайындоо/шайлоо тууралуу жобо Конституциясында жок, бирок чындап киришсе кубаттуу делген мамлекеттердин саясий режимин, түзүлүшүн, өкмөттөрүн алмаштырууга чамасы жетет. Кыргызстандын Конституциясы ушул азыр 93 барактан турган китеп (эки конситуциянын бирдей өлчөмдөгү шрифт менен басылган текстерин салыштырдык). Кабыл алынгандан тарта 11 жолу өзгөртүлдү. Бирок Кыргызстан экономикасы чабал, адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу эл аралык коомчулуктун сынына кабыл алынып келе жаткан, жашоо деӊгээли төмөн өлкө бойдон калуудабыз. 6 миллион элге 462 айыл өкмөтү, 14 мэриясы, ошончо жергиликтүү кеӊештери бар жергиликтүү өз алдынча башкарууну, 42 райондук, 7 облустук бийликти, 120 депутатты, ар жылы алмашкан өкмөттүн түзүмүн аныктап/бекитип жана курамын дайындоого/шайлоого байланыштуу окуяларды камтыган жоболору бар, улам бир президенттин каалоосуна, саясий күчтөрдүн эркине жараша улам жаӊыртылган Конституцияны дагы өзгөртүү демилгеси күүсүнөн жанбады. Мындан ары ушундай аракеттер дагы күчөшү ыктымал. Конституцияны өзгөртүү өнөкөтүбүзгө салып, жакынкы жылдары аны алмаштырууга умтулган күчтөр басымдуулук кыла турганы байкалууда.

Эми баланын чүчкүрүгү сыяктуу нерселердин баарын бириктирип килейген кодекстерди кабыл алдык. Жүрүм-турум эрежелери негизинен традиция менен жөнгө салынат. Биз мисал кылгандай, көп өнүккөн өлкөлөрдө мыйзам менен катар традиция, адат мыйзам катары иштейт, коомдук турмушту жана адамдын кыймыл-аракетин жөнгө салуучу күчкө ээ. Мыйзамдын зарылчылыгы менен аны аткарууга милдеттүүлүгү камсыздалууга тийиш. Ансыз ал мыйзам болуудан калат.

Жаӊы кодекстер, алардагы жоболор, жаӊы новеллалар ишке ашып, аткарылгай эле. Эмитен эле коомчулукта терс пикир жаралды. Ушул кодекстерди кабыл алган дептуттардын бир тобу шашылыш, кысым астында, толук түшүнбөстөн кабыл алган экенбиз деп айта баштады. Өкмөт да түкүрүккө карата айып пулдуу азайтуу боюнча сунуш даярдап жатканын учкай кеп кылды. Демек жаӊы кодекстер толук күчүнө кирип-кирбей, алардын айрым жоболору дискредитациялана баштады.

Биз кеп башында сыноо тууралуу оозанганбыз. Dura lex, sed lex – “Мыйзам катаал, бирок ал мыйзам” деген фундаменталдуу укуктук принцип, классикалык универсал эрежеге баш ийип, коомчулук аткарып кетеби же укуктук нигилизмге кенен жол ачабызбы? Бир мыйзамды бузуп, жазасыз калса, анда кийинкисин бузууга психологиялык маанай калыптанат. Кодекстердеги кээ бир жоболор калыӊ көпчүлүккө тиешелүү жүрүм-турум тууралуу болгондуктан, дегеле мыйзамга баш ийбөө адатын калыптандырууну шарттайт. Укуктук нигилизм анархияга жол ачат.

Оор сыноого бийлик да, ири алдыда аткаруу бийлиги – өкмөт кабылды. Өкмөт токтом менен илгери үмүт менен 2018-жылы 2020-жылга чейин жаӊы кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий жарыялаган. Демек бир жыл бою ушул жоболор иштөөгө, аткарылууга тийиш. Иш жүзүнө келгенде кодекстердин аткаруу механизмдери жок, чийки жоболору аткарылбаса не болот? Укуктук кризиске үрөн себилет. Аткарылышы аныкталбаган мыйзам элдин мыйзамга, укукка, мыйзам демилгелеген, чыгарган, аткарылышын көзөмөлдөгөн жана аткарууга милдеттүү бийликке ишенимин кетирет. Мындай жагдай саясий кризиске шарт түзөт. А 2020-жылы Жогорку кеӊешке шайлоо болот. Убадалар менен бирге популисттик чакырыктар ташталат. Ансыз деле мамлекеттик мыйзамдарды танып, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын чанып, шариат менен гана жашоо керек деген агымдардын аракеттери активдеше баштаган кезде мыйзамдардын дискредитацияланышы жакшылыкка алып барбайт.

Өкмөт кандай кадамдарга барышы ыктымал. Кемчилик бизден кетти, ак чөп башта, кечиргиле калайык деп 2020-жылга чейин жаӊы кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий жарыялаган токтомун жокко чыгарып, ийне-жибине чейин тактап, реалдуу өзгөртүүлөрдүн долбоорун сунуштоого, изги маанидеги жоболордун аткаруу мехнизмдерин иштеп чыгып, бекитүүгөтийиш. Бул популярдуу эмес, бирок жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү кадам.

Же биз ойлонуп жатабыз деген көнүмүш шылтоону айтып, “өлбө жаным, өлбө” деп 2020-жылга кирип баруусу керек. Балким флэшмоб коом дагы бир нерсе менен алаксып кетээр. А андан ары жаӊы парламент, жаӊы өкмөт, жаӊы кызматтар, жаӊы оюндар уланат...

Ушул сыноодон коомчулук да, бийлик да кантип чыгат – ошого жараша коомубуздун укуктук аӊ-сезиминин деӊгээли, аткаруу бийлигинин дарамети жана өзүн парламенттик республика деп жарыялаган өлкөнүн азыркы парламентинин чыныгы орду жана келечектеги парламенттинин сапаты аныкталат.

Автор: Алмаз Окин

Бөлүшүү:

Megacom