Тарых музейи боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, Сапар Исаковко айып тагылды

10 үчтүн айы 2019 года, 10:37

Тарых музейи боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, Сапар Исаковко айып тагылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аягына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык Сапар Исаковго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү боюнча айып тагылды.

Иликтөөдө 2016-жылы Түркия өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык,музейди толук оңдоп-түзөө үчүн атлаган өлкөдөн үч жылдын ичинде 15 миллион доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

Бирок Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген талаптарынан улам Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан.

Жыйынтыгында, музейди оңдоп-түзөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 520 миллион 309 миң сом кошумча каражат бөлүнгөн. Анын 4 миллион доллары музейдин тегерек-четин жасалгалоого жумшалган.

2017-жылы Сапар Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга Германиялык компанияны катыштырганы аныкталган.

Натыйжада, белгиленген компания Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген эки ак аттын макетин, 59 дарактан турган инсталляцияга жана анын жыгач койгучтарына баардыгы болуп 55 миллион 593 миң 772 сом жумшалган.

Немец компанпиясы тарабынан алынып келинген керектелүүчу материалдардын баасы Кыргызстандагы ички базардагы баасынан айырмасы 3 миллион 785 миң 600 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, немец компаниясы менен улуттук валютада эмес евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин айырмасы 42 миллион. 311 миң 428 соду түзгөн.

Ошентип, Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 млн. 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

  • Мамлекеттик Тарых музейи 2016-жылы жабылып, оңдоп-түзөө иштери башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылаары белгиленген. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музей бүгүнкү күнгө чейин ачыла элек.

Бөлүшүү:

ads