В Мире

Тажикстанда учак кырсыгынан 60 жаштагы учкуч каза тапты

6 августа 2019 года, 12:19 Рубрика: Дүйнөдө

Автор:

Тажикстанда учак кырсыгынан 60 жаштагы учкуч каза тапты

Тажикстанда АН-2 учагы кырсыкка учурап, анын бир учкучу каза таап, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Окуя 4-августта Фахрабад шаарындагы аэроклубда болгон.

Маалыматка ылайык, учак конууга камынып, жерден 10 метрдей бийиктикте келе жаткан кезде күтүүсүздөн эле кыймылдаткычы иштебей калган жана күүсү менен жерге кулап түшкөн.

Учактын пилоттору, 62 жаштагы Илхом Рахматов менен 20 жаштагы Бахтиёр Давлататов ооруканага жеткирилип, дарыгерлер Рахматовдун өмүрүн сактап кала алган жок.

Аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети окуяны иликтей баштады.

Бөлүшүү:

Megacom