Происшествия

Токмокто поезд кырсыгынан бир адам жабыркап, Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы үзгүлтүккө учурады

13 августа 2019 года, 12:21 Рубрика: Окуялар

Автор:

Токмокто поезд кырсыгынан бир адам жабыркап, Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы үзгүлтүккө учурады

Чүй облусунун Токмок шаарында темир жол бекетинде поезд токтоп турган вагондорду сүзүп кеткен окуяда 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-августта түнкү саат 22.00 чамасында орун алган.

12-августта саат 22:00 чамасында Токмок айнек заводунан 18 вагону менен чыккан поезд катуу ылдамдыкта келип, Токмок темир жол бекетинде токтоп турган вагондорду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы Р.В.А.аттуу эркек киши жабыркап Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Андан сырткары 7 вагон темир жол рельсинен чыгып оодарылып кеткен, - деп жазылат маалыматта.

Ал эми "Кыргыз темир жолу ишканасы" кырсыктын кесепетинен Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы үзгүлтүккө учураганын маалымдады.

Бөлүшүү:

Megacom