Политика

Тынчтыкбек Чоротегин: Атамбаевдин  трагедиясы, аксакал болуп төрдө отураарда,колуна курал алып өз баркын өзү  төккөндүгү

9 августа 2019 года, 14:49 Рубрика: Саясат

Автор:

Тынчтыкбек Чоротегин: Атамбаевдин  трагедиясы, аксакал болуп төрдө отураарда,колуна курал алып өз баркын өзү  төккөндүгү

Атамбаевдин тагдырында өтө өкүнүчтүү нерсе - аны камоо себеби эмес, анын өзүнүн жеке керт башы үчүн кашыктап чогулткан баркын чоң челектеп өзү эле төгүп алгандыгы. Мындай пикирин публицист, тарыхчы, журналист Тынчтыкбек Чоротегин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Өтө өкүнүчтүү нерсе - Атамбаевди камоо себеби эмес, анын өзүнүн жеке керт башы үчүн кашыктап чогулткан баркын чоң челектеп өзү эле төгүп алгандыгы. Роза Отунбаева эжекедей ойготкуч айдыңдык иштерди жасап, төрдө аксакал болуп отуруу мүмкүнчүлүгү деле бар болчу. Достук сезимди рэкеттик куралга айландырбай тынчы жүрсө төрдө эле отурмак», - деген оюн билдирген Чоротегин.

Анын айтмында эми мурунку президент Атамбаев башка да айыпты өзүнө өзү тагып алган шекилдүү.

"Мен эле атып жаттым" деп көркөм шөкөттөп айтканда да, анын үзөңгүлөштөрү оюнчук ок менен барган жоокерди атып салышты. Мамлекеттик бийликке баш ийбөө аракетин жасап, эгемендигибизди тебеледи. Керек болсо тоок жумурткасын уурдаганга байланыштуу камалсын, маселе анда эмес. Эми башка олуттуу маселелер боюнча да көрсөтмө берүүгө тийиш», - деп эсептейт тарыхчы.

Тынчтыкбек Чоротегиндин тымызын акча алып, Атамбаевди колдогон саясатчы сөрөйлөргө эч боор оорутпашын билдирип: «Алар өз абийирин соода кылышты», - деп эсептейт.

Анын айтымында, окуянын кыртышына көзү жетпестен эле "биздин арашандык байкебизге жөнсүз тийишип жатышат' деген куру намыстык демөөр менен көчөгө чыккан айрым замандаштарга боору ооруйт.

«Жанындагы айрым кишилер акча үчүн гана чыкканынан эч кабары жок ушундай ак жүрөк, бирок саясий сабаты тайкы замандаштарыма күйөм», - деген оюн билдирди Чоротегин.

Бөлүшүү:

Megacom