УКМК: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилген

8 января 2019 года, 14:40

Автор:

УКМК: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилген

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта, Сапар Исаков баштаган бир катар кызматкерлердин кызмат абалынан пайдаланып , мамлекетке 111 млн 252 миң 797 доллардык чыгым келтирилгени аныкталган.

2010-жылдын февраль айында Инновацияны жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) байланыш бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун катышуусу менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси карлаган. Жыйында Дүйнөлүк банк Бишкек ЖЭБин 150 миллион долларга реконструкциялоону сунуштаган. “ТВЕА” компаниясы 200 миллион долларга жасай турганын айткан. Бирок баасы кымбат болгону үчүн ТВЕАдин сунушу Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп табылган.

2013-жылы Сапар Исаков Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турган учурда бул долбоорду ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алган. Исаков Бишкек ЖЭБин 386 млн долларга реконструкциялоону ишке ашыруу үчүн ТВЕА компаниясын тандап алган. Бирок Исаков ошол кезде кытайлык ТВЕА компаниясын мындай долбоорду ишке ашырууга тажырыйбасы жок экенине атайы маани бербегени айтылат УКМКнын малыматында.

Ошондой эле эч кандай техникалык-экономикалык негиздеме жана долбоордук сметалык документ түзүлбөгөнү анык болду.

Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн каражат Кытайдын ЭКСИМ банкынан 2 пайыздык төлөм менен 20 жылга насыя түрүндө алынган. 2014-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин анын 23 миллионго жакын АКШ доллары гана төлөнгөн.

Учурда айыпталуучулар менен жактоочулар кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатат. Жакынкы аралыкта иш Башкы прокуратурага жөнөтүлөт да, андан ары иш сотко өтөт.

  • Эске салсак өткөн жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болгон. Көп өтпөй Бишкек ЖЭБин жаңылоого үчүн насыя катары алынган 386 миллион доллар туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып коррупцияга жол берилгени айтылган.
  • Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Камактагылар муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Бөлүшүү:

Megacom