Аналитика

УКМК кандай жетекчиге муктаж?

22 мая 2019 года, 08:30 Рубрика: Аналитика

Автор:

УКМК кандай жетекчиге муктаж?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов паспорт чырына байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден бери анын орду бош турат.

Баш мыйзамга ылайык УКМКнын төрагасын президент кызматка дайындайт жана кызматтан алат. Бирок, бир жумадан бери президент бул кызматка кимди даярдап жатканы коомчулукка белгисиз.

Социалдык тармактын колдонуучулары адаттагыдай эле бош турган кызмат орунга "өз кадрларын" сунуштап жаткан чагы. Ал эми Жарандык коом өкүлдөрү болсо бул кызматтын бийликти бүтүндөй көзөмөлдөп жатканын жүйө келтиришип, президенттен УКМКны реформалоону талап кылышууда. Алардын бири Рита Карасартова атайын кызмат чукул арада реформага муктаж экенин айтып, атайын кызматтын башчылыгына буйрук аткаруучу эмес, мыйзадуудулукту билген адам келсе деген ойун айтты.


"Мен УКМКнын төрагалыгына кайсы бир адамды ылайык көрөрдөн мурун бул тармакта реформа жасалышын талап кылат элем. Эгер реформа болбосо ким келбесин жыйынтык жок, баягы эле көрүнүш. Менин оюмча УКМК төрагасына коомчулукка аты чыккан, Президенттин жасаган ишинин туура, туура эмесин айта алган, мыйзамдуулукту билген адам келүүсү керек. Эгер бийликке сын айтпаган, коомчулукка аты чыкпаган адам келсе анда буйрук аткаруучу эле болуп калат".


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков да УКМК жетекчисине жаңы жүздөрдүн эмес, салмактуу саясатчы, башкаруучунун келиши маанилүү экендигине токтолду.

"УКМКны жетектей турган адам сөзсүз эле ошол тармактын адиси эмес, саясий башкаруучу болушу керек. Анткени УКМКнын башчысы реалдуу түрдө өкмөт башчыдан да күчтүү. Мына ушуга таянып ал президент менен премьер-министрдин туура эмес иши үчүн баланс жаратып, бийликке акыл айта алган, бийликти кармап турган адам болушу керек. Бул орунга саясатчы, башкаруучу келиши керек, бирок кайсы бир адамдын атын атап, ылайыктуу дей албаймын. Азыр бул түзүм коррупциялашкан, саясатташкан жараксыз абалда турат".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жогорудагылардан айырмаланып, УКМКга ошол тармактагы баардык тепкичти басып өткөн жетекчи келиши керек деген ойдо.

"УКМК төрагасын кызматка дайындоо президенттин ыйгарым укугу болгон үчүн бул кызматка кимди алып келерин ал киши чечет. Мен азырынча ким келерин айта албаймын. Аталган кызматка келе турган адам бардык кадрдык тепкичтерди басып өткөн, бул тармакты ичинен жакшы билген тажрыйбалуу, анда иштеген кызматкерлердин кимиси эмнеге жөндөмдүү экенин мыкты билген адам келсе жакшы болот эле”.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова УКМК толук түрдө реформага муктаж болуп турса да, саясий максатта буйрук аткара турган жетекчи дайындалат деген пикирде.

"Эл аралык тажрыйбада аскерлешкен уюмдарга сөзсүз түрдө граждандык милдетти аркалаган адамдарды коет. Алсак Грузия, Украинада ошондой. Ал эми Кыргызстан андай тажрыйбадан алыс. УКМКда мурда иштегендер ал жерге кесипкөй адис келиши керек экенин айтышууда. Ошондой эле коомдо УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин дарегине "кесипкөй жетекчи болгон жок, ал келип барын талкалап, атайын кызматтын беделин түшүрдү” деген айыптоолор айтылып келет. Ошондуктан УКМКга тажрыйбалуу, ошол тармактагы системаны түшүнө билген адам келүүсү зарыл. Бирок УКМКнын төрагасын дайындоодо бары бир саясий чечим болот. Себеби бул түзүм саясий максаттарда колдонулуп жүргөндөн кийин ошол чөйрөгө жакын адам коюлары белгилүү".

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКнын жетекчилери сырткы күчтөр менен эмес саясатчылар менен күрөшүп жатып бул түзүмдүн баркын кетирип бүттү деди.

"Адегенде УКМКнын ичиндеги Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын алып, өкмөткө өткөрүп берүү керек. Ошондо УКМК өзүнүн милдетин мыйзамга ылайык аткарып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш алып бармак. Мен УКМКны бул тармакта иштеген адам жетектегенде гана реформа жасалат дегенге кошулбайм. Буга чейин УКМКны Бусурманкул Табалдиев, Кубатбек Байболов өңдүү чекстттер башкарса да эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Азыр деле УКМК өзүнүн негизги милдети болгон чалгындоо, контрчалгындоо деген озуйпасын унутуп, жалаң оппозициячыл саясатчылар менен күрөшүп атып, бул кызматтын баркы да кетти".

Идрис Кадыркулов УКМКнын төрагылыгына өткөн жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин атайын кызматты бул тармакта таптакыр иштебеген, "Белизгейт" жаңжалы менен атагы чыккан Абдил Сезгизбаев жетектеп турган. Абдил Сегизбаевке чейин башкы чекст кызматты Бусурманкул Табалдиев аркалаган. Ал бул кызматты 2006-жылы да аз убакыт аркалап, Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө атайын кызматтын адамдары тарабынан баңгизат салынышына байланыштуу кызматтан кеткен.

Бөлүшүү:

Megacom