Улакчы Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду. Ага сунушталган баа 40 миң сомдон ашты

11 үчтүн айы 2019 года, 10:31

Улакчы Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду. Ага сунушталган баа 40 миң сомдон ашты

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. "Көк Бөрү" федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында айтылгандай, аукциондон түшкөн каражат май айында көк бөрү оюнунда кырсыктаган улакчы Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалмакчы.

Аукциондун баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленген. Учурда улакчынын формасына сунушталган баа 40 миң 500 сомго көтөрүлгөн.

Түшкөн каражатты улакчы Манас Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы. Ал өткөн жылдын май айында «Ак Кула» ат майданында өткөн оюнда аттан жыгылып, кырсыктаган. Учурда анын дарылануусуна көп каражат керектелүүдө.

Аукцион 19-январь саат 21:00дө жыйынтыкталат. Түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Дастан Жакеевге тапшырмакчы.

Бөлүшүү:

ads