Общество

Ушул аптада аба ырайы кескин өзгөрөт

13 августа 2019 года, 11:17 Рубрика: Коом

Автор:

Ушул аптада аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт.

Билдирүүгө ылайык, 14-15-август күндөрү жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү:

Megacom