Спорт

Валентина Шевченко атаандашын сулата тээп, чемпиондук наамын коргоп калды (видео)

9 июня 2019 года, 10:46 Рубрика: Спорт

Автор:

Валентина Шевченко атаандашын сулата тээп, чемпиондук наамын коргоп калды (видео)

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш бүгүн, 9-июнда АКШнын Чикаго шаарында өтүп, спортчулар UFC`нын 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамы үчүн мушташышкан.

Биринчи раундда беттешти Шевченко толугу менен көзөмөлдөп, америкалык атаандашы Жессика Айга таамай соккуларды узатып жатты. Экинчи раундда ал атаандашын бетке тээп нокатука кетирүүгө жетишти.

Буга чейин Шевченко эң негизги максаты чемпиондук кур тагынуу экенин ал журналисттерге берген интервьюсунда айткан. Ал 16 жолу дүйнө чемпиону болгон.

Валентина Шевченконун каршылашы Жессика Ай карьерасында 20 беттеш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жеткен.

Бөлүшүү:

Megacom