В Мире

Өзбекстанда кымбат автоунаа ээлери фестиваль маалында бекер иштөөгө мажбурланууда

7 августа 2019 года, 16:40 Рубрика: Дүйнөдө

Автор:

Өзбекстанда кымбат автоунаа ээлери фестиваль маалында бекер иштөөгө мажбурланууда

Самаркандда кымбат баалуу Malibu-2 жана Captiva үлгүсүндөгү унаа ээлери 23-30-август күндөрү «Шарк тароналари» музыкалык фестивалына келген меймандарды бекер тейлешет. Тиешелүү документке облус башчысы кол койгон.

«Уюмдар менен юридикалык жактарга таандык кымбат унааларды бекер пайдалануу тууралуу» буйрукту аткаруу Самарканд облустук жол коопсуздук башкармалыгына жүктөлгөн. Мекеме башчысы Малибу-2 унааларынын ээлерине жөнөткөн катында алар машиналарын облустук администрацияга 20-августта алып келиши керектиги жазылган.

Жергиликтүү блогер Мирзо Субхоновдун айтымында, облус башчысы кол койгон документте «калкка таандык Malibu-2 жана Captiva унааларын дагы бир жума бекер пайдалануу» каралган. «Фестивалга келген меймандарды тосуп алуу үчүн акча бөлүнгөн. Андыктан адамдар бул ишке мажбурланбашы керек», — деди блогер.

Өлкө президенти быйыл 26-февралда кол койгон жарлыкта «Шарк тароналари» фестивалын өткөрүүгө республикалык бюджеттен жетиштүү акча бөлүнгөнү айтылган.

«Шарк тароналари» деп аталган 12чи музыкалык фестиваль быйыл Самаркандда 26-30-август күндөрү өтөт. Анын ачылышына ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуленин катышары күтүлүүдө. Мындан тышкары фестивалга дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн ырчылар, музыканттар жана ансамблдер келет.

Бөлүшүү:

Megacom