В Мире

Өзбекстанга дагы 20 өлкөнүн жарандары 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

14 августа 2019 года, 16:27 Рубрика: Дүйнөдө

Автор:

Өзбекстанга дагы 20 өлкөнүн жарандары 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-августта «Туризм тармагын өнүктүрүү чаралары тууралуу» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта 20 өлкөнүн жарандары үчүн өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүндүгү берилет.Алар:

  1. Антигуа жана Барбуда
  2. Барбадос
  3. Белиз
  4. Гренада
  5. Доминика Республикасы
  6. Мексика
  7. Гватемала
  8. Гондурас
  9. Коста-Рика
  10. Куба
  11. Никарагуа
  12. Панама
  13. Тринидад жана Тобаго
  14. Сальвадор
  15. Сент-Винсент жана Гренадин
  16. Сент-Люсия
  17. Багам аралдарынын шериктештиги
  18. Доминика шериктештиги
  19. Сент-Китс жана Невис федерациясы
  20. Ямайка

Жарлыктын максаты – туризм тармагындагы реформаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу, туристтик инфраструктурага байланышкан маселелерди чечүү аркылуу өлкөгө келген туристтердин агымын көбөйтүү, кызматтардын сапатын арттыруу, улуттук туристтик продукцияны дүйнө базарына чыгаруу, туризм тармагындагы кадр потенциалын жогорулатуу жана 2019-2025-жылдары туризмди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу болуп эсептелет.

Бөлүшүү:

Megacom