Происшествия

Жээнбеков: Жаш жигиттин өмүрү – бийликтен да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле

8 августа 2019 года, 17:27 Рубрика: Окуялар

Автор:

Жээнбеков: Жаш жигиттин өмүрү – бийликтен да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле

«7-августта Кой-Таш айылында, тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

Ал маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Энеси — Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтты президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү:

Megacom