Экономика

Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

14 августа 2019 года, 11:26 Рубрика: Экономика

Автор:

Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кечээ, 13-августта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты. Мындан тышкары ал Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан курулуш башталганы 21 км жол курулган. Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 млн сом өлчөмүндө каражаттар каралган, - деп жазылат маалыматта.

Алардын ичинде:

- 50 млн сом Көкташ–Аксай жол участогунун бетине асфальт-бетон төшөө үчүн багытталган, учурда 7 км узундуктагы трассага асфальт-бетон төшөө иштери башталды;

- 70 млн сом 13,5 чакырым Аксай–Тамдык жаңы жол участогунун курулушуна багытталат, курулуш (жардыруу) иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:

Megacom