Спорт

Жесика Ай Шевченкону жеңиши менен куттуктады (видео)

10 июня 2019 года, 13:05 Рубрика: Спорт

Автор:

Жесика Ай Шевченкону жеңиши менен куттуктады (видео)

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш 9-июнда АКШнын Чикаго шаарында өтүп, спортчулар UFC`нын 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамы үчүн мушташышкан.

Жесика Ай инстаграмм баракчасы аркылуу Шевченкону жеңиши куттуктап, "шумдуктуудай тепти" деп билдирген.

"Мен сени менен беттешүү мүмкүнчүлүгүн алганыма ыраазымын", - деп айткан видеосунда.

Мындан тышкары Ай өзүнүн күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, алардын колдоосу өзгөчө дем-күч бергенин кошумчалады.

Бөлүшүү:

Megacom