Жигиттик сөз (Блог)

20 февраля 2019 года, 12:24 Рубрика: Блог

Автор:

Жигиттик сөз (Блог)

Коомдук телерадио компаниясынын баш директору орду үчүн аламан байге кызып туру. Талапкерлердин баарына ийгилик каалайбыз. А байге эмне экенин жана анын наркын күлүк кошкону, сүрөөнчүлөрү, саяпкери, чабандеси, жарданган көпчүлүк, кыскасы ар кими ар кандай түшүнөт. Бирок ошолордун азы гана баш байге – бул коомдук телерадионун коомго кызмат кылуу озуйпасын аткаруу тизгини деп түшүнсө керек. Бирок ушул ат салышуу учурунда бир жагдайга көӊүлүм бурулду.

Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчиси Илим Карыпбеков 2017-жылы “Марал” радиосуна берген интервьюсында КТРК директорлугуна экинчи ирет барбай турганын бекем айткан.

Социологиялык иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү телерадиодон негизги жаӊылыктарды алат жана ошого ишенет. Эми биздин башкы каналдын башчысы сөзүнөн танып турганы кандай жорук-жосун? Карыпбеков кыйын жигиттердин бири. Ал КТРК жетекчилигине кайрадан ат салышаарын айлана-тегереги, жакындары, бийликтеги санаалаштары жана башкалар менен акылдашып, батасын алгандыр, балким. Алардын айрымдары, алар болбосо да социалдык тармакта “Ой, бурадар, экинчи койбойм деген сөзүӊ кана?” деген соболдор берилгенден кийинки кадамы ушул. Карыпбеков жалгыз эмес. Маселе Карыпбековдо да эмес. Кеп сөздүн наркы, кадыры, баркы тууралуу. Ал өз чөйрөсүнүн татыктуу өкүлү, биздин замандын каарманы. Демек сөзгө турбай ийгиликке жетишкен инсандарды билет, андай учурларга ал далай ирет тушуккан, тиешелүү тажрыйба алган, жыйынтык чыгарган. Ага чейин калыптанып, кийин өөрчүгөн илдет жугуштуу болгондуктан, мыкты деген жигиттерибиздин бир тобу аны жугузуп алса керек.

Конституцияны алмаштырбайм, экинчи мөөнөткө президенттике барбайм деген биринчи президент Акаев төртүнчү ирет барды. Балдарымды, бир туугандарымды бийликке жолотпойм деген Бакиев убадасынан бат эле кайтты. Бирок калыстык үчүн айтып коюш керек, Ак үйдү коргойм, келгендерди атам деген сөзүнө турду. Оозеки тургай, 2010-жылы референдумда кабыл алынган Коституцияны 2020-жылга чейин алмаштырбайбыз деген жазма мыйзам жобосун чыдабай кетип өзгөртүп жибердик. Саясатчылардын ичинен каргангандары, антташкандары, бири бирине теледен ок арнагандары да болду. Көрүнүктүү инсандардын бүгүн бирди сүйлөп, эртеси сөзүнөн танган учурларын бир фильмге топтосо трагикомедиялык сериал болчудай.

Кыскасы суверендүү мамлекет болгон жылдары мамлекет башчыларынан тартып калган саясатчылар, ишмерлер жана ишкерлер үчүн сөздүн баркы биротоло кетип, кунары качкан сымал. Уинстон Черчиллдин ыплас саясатчыларга карата айткан “Никогда так не лгут, как после охоты и перед выборами” деген какшык кебин айрым кыйын чыкмалар идеалга айлантып алышты. Тилекке каршы, элди эл кылган, биздин ушул барчылыгыбызды шарттаган сөз наркын билбей, кадырына жетпей калуу коркунучу жаралганы анык. “Айтылган сөз атылган ок эмес, ооздун жели, керек учурда каалаганымды айтам, ар кандай убада берем, бирок танам” деген эреже биздин кээ бир атка минерлердин, мыктымын дегендердин жашоо принцибине айлангандай. Ага коомдо катуу каршылык деле жоктой, эл ушул жармач көрүнүшкө моюн сунгандай.

Ушундай беле эзелки, кыргыз? Жок албетте. Кыргыз элинде сөздүн куну кымбат, наркы жогору, баркы бийик болгон. Оозуӊан чыкканча сөз сенин кулуӊ, ооздон чыккан соӊ, сен сөздүн кулусуӊ. Болду. Кыргыз каада-салттарында, фольклорунда, поэмаларында айтылган сөздүн өтөлгөсү өмүр, бүтүндөй журттун тагдыры экени эӊ сонун, көркөм образдар аркылуу чагылдырылган. Кыргыз элинин укуктук системасында күбө сейрек колдонулган укуктук институту болгон. Күбөсү жок макулдашуу, аны аткаруу милдети чарбалык-маданий жана коомдук зарылчылыктан улам чыккан. Тоонун башында эки кыргыз макулдашса, анын кимиси жатакка жөнөп, күнчүлүк жол басып, киши чакырып, күбөгө тартып отурмак эле.. Аткарбаса өз башына келээри турулуу иш болгондуктан айтылган сөздү экөө теӊ бекем туткан. Кыйчалыш мезгилде гана антташкан, жаза тайып убададан кайтсам “Төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун” же “Ата-бабамдын арбагы урсун” деп ант берген. Англис тилдүү мамлекеттерде мыйзам чегинде колдонулуп келген “Джентльмендик келишим” (оозеки макулдашуу) жобосу биздин элдин укуктук тутумундагы кадыресе эреже экендиги анык. Кыргыздардын сөзгө туруу эрежеси Ж.Ж. Руссо айткандай адамдар ортосунда укуктук, экономикалык, социалдык, саясий жана нравалык мамилелерди жөнгө салуучу коомдук келишимдин салттуу көрүнүшү болгон. Маселе ошол нарк-насилибизди өзүбүз сактап кийинки муундарга өткөрүп берүүдө турат.

Автор: Чубак Эсенбек уулу

Бөлүшүү:

Megacom