Культура

Жогорку бааны мугалимдер алган. Бишкекте өткөн “Сабаттуу бол” акциясынын жыйынтыгы чыкты

20 мая 2019 года, 20:36 Рубрика: Маданият

Автор:

Жогорку бааны мугалимдер алган. Бишкекте өткөн “Сабаттуу бол” акциясынын жыйынтыгы чыкты

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган жалпы республикалык “Сабаттуу бол” иш-чарасынын Бишкек шаары боюнча жыйынтыгы чыгып, аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

Туура жазууга үндөгөн иш чара жат жазуу түрүндө өткөрүлүп, ага республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катышкан.

Бишкек шаары боюнча катышуучулардын жалпы саны 1100гө жетип, 8 чоң дарсканага жайгашкан. Аларга жат жазуунун тексттерин белгилүү инсандар окуп берген.

Иш чарага катышып, жогорку “5” деген баа алган катышуучулардын аты-жөнү толук, ал эми башка катышуучулардын баалары өзүнө гана тиешелүү купуя сандар аркылуу жайгаштырылды.

"5"деген баа алгандардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча мугалимдери андан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болгон.

Толугурак маалымат алуу үчүн бул шилтеме аркылуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтына өтүңүз.

Бөлүшүү:

Megacom