Политика

Жогорку Кеӊеш өлкөдө туруктуулукту камсыздоого багытталган токтом кабыл алды

8 августа 2019 года, 18:58 Рубрика: Саясат

Автор:

Жогорку Кеӊеш өлкөдө туруктуулукту камсыздоого багытталган токтом кабыл алды

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо чаралары боюнча эл өкүлдөрү бир катар сунуш-пикирлерин ортого салышты. Бул багытта КР Өкмөтүнө бир катар тапшырмалар белгиленген Жогорку Кеӊештин токтом долбоору иштелип чыгып, кабыл алынды.

Токтом долбоорунда Кой-Ташта болуп өткөн окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун иликтөө, өлкөдө дестабилизация кылууга жол бербөө, ага каршы баардык чараларды көрүү, УКМКнын Кой-Таштагы жүргүзгөн иш-чарасына карата А.Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын иш-аракетине укуктук баа берүү жана башка маселелер белгиленген.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев туруктуулукту камсыздоого кесиптештерин дагы жигердүү катышууга чакырып, болуп өткөн окуя боюнча КР Башкы прокурору телеканалдар аркылуу шайлоочуларга кеӊири түшүндүрмө берүүсү керектигин сунуш кылды. Бир катар депутаттар талкууда айтылган сунуштар эске алынгандыгын белгилеп, токтом долбоорун колдоорун билдиришти.

Жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин токтом долбоору добушка коюлуп, кабыл алынды.

Депутат Өмүрбек Бакировдун сунушу менен Жогорку Кеӊештин бүгүнкү кезексиз сессиясы Коомдук телеканалдан көрсөтүлмөй болду.

Бөлүшүү:

Megacom