Президенттин чоросу

“Манасты Манас кылган – Каныкей”, – деп жүрөбүз. Өз аты Санирабига, Манаска тийгенде хандын никесиндеги аял деп, атын Каныкей кылып өзгөртүшкөн. Тажик ханынын кызы. Айтайын дегенибиз улуу эпосубуз “Манаста” көп улуттуулук, алардын бир мамлекетте ынтымакта жашоо идеясы кызыл линия болуп чыгарманы баштан-аяк коштоп жүрөт. Манас баатыр өзү “Курама жыйып, журт кылдым”, – деген эмеспи. Түркүн элдерди, урууларды, уруктарды, улуттарды башын кошкон үчүн Манас Манас болуп, дүйнөгө даңазасы угулган баатыр болду. Көп улуттуулук саясаты Союз учурунда да үзүрлүү уланган. Эгемендүүлүк алганыбыздан бери да бул саясаттын нугу өзгөргөн жок. Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы деген бараандуу уюмубуз бар. Ошол Ассамблея курамындагы тажик диаспорасын көп жылдан берип жетектеп, ошол эле учурда бизнесте, коомдук иштерде чоң ийгиликке жетишкен Равшан Сабиров Президент Садыр Жапаровго кеңешчи болуп шайланды. Муну биз бабабыз Манастын керээзинин түздөн-түз уланышы деп эсептейбиз. Анткени Айкөлүбүз кыргыздар өз аймагындагы элдер менен ынтымак-ырашкерчиликте жашамайын эч качан өсүп-өнбөсүн айтып жатат.

Садыр Жапаровдун командасы өтө оор учурда эл жүгүн мойнуна алып отурат. Мындайда улутуна, жердигине карабай, профессионалдык деңгээлине басым коюлмагы эп. Соңку тарыхыбызды эле карап көрчү болсок, бийликтин жогорку эшелондорунда орустар, өзбектер болуп келди. Парламентибизде бир нече улуттардын өкүлдөрү дайыма депутат болуп шайланышууда. Атүгүл республикадагы жалпы саны 5 000 жетпеген карачай улутунан да депутаттар шайланып жүргөнү – факт.

Равшан Сабиров өз киндигин өзү кескен, рынок шартында иш орундарын түзгөн, өз оокаты бар, курсагы ток жигит. Союздан калган элдик менчикти текейден арзан прихватизациялоо менен байыган эмес. “Чаар сумкалуу челноктор” учурунда адал соода кылуу менен бутуна турган. Ажо көрсүнү, кожо көрсүнү жок эле миллиондогон суммаларды садака кылып, бей-бечараларга жардам кылганын айтып жүрүшөт. Демек, бизнестин коом алдындагы социалдык милдеттерин терең түшүнөт.

Сабировдун саясаттагы атаандаштары ыплас жолдор менен түрмөгө да салышты. Бирок кудай алдында иши ак экен, акталып чыгып, эл кызматында болуп келүүдө. Сот иши боюнча толук акталган үчүн, эң жогорку мамлекеттик кызматтарда жүрүп жатат да. 5-октябрдагы окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын вице-премьер Министри катары мыкты иштеп берди. Кыргызстанда жөн жай убакытта эле аткаруу бийлигинде иштөө аябай кыйын, ал эми ыңкылаптан кийин иштөө беш эсе кыйын. Өлкөнүн экономикасынын биротоло кургуйга тушүп кетпей, сакталып калуусунда Равшан Сабировдун да ролу чоң.

“Жалгыз дарак токой болбойт” деген элибиз. Манастын жанында да кырк чоросу болгон. Элдин үмүтү болуп турган Президент Садыр Жапаров жалгыз эч нерсе кыла албайт. Жанында ысык-суукта бир болгон үзөңгүлөш, идеялаштары, илгеркиче айтканда чоролору болмогу эп. Равшан Сабиров – ошондой фигура, Президенттин чоросу.  

Read Previous

Кубанычбек Сейдалиев: “Эгерде Баткендегидей проблемалар башка чөлкөмдө болгондо, алар бийликтин терисин тескери сыйрымак”.

Read Next

Талант Мамытов спикерлерден бата алды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *