Раим Матраимов камакта! Ким утту?..

Кеме паникадан улам чөгүп кетери белгилүү. Ошол сыңары коронавирус пандемиясы эң биринчи элдин паникасы менен коштолду. Эл паникага түшүп, ун азыктарын талап, мешок-мешоктоп үйлөрүнө жыйнап алышты. Эл арасында психологиялык басымдан сырткары эртеңки күнү үчүн кооптонуу, тынчсыздануу башталып, өлкөбүз кооптуу абалга туш келген. Ошол учурда биринчилерден болуп Раим Матраимов элге жардамга келди. Элге миңдеген тонна ун, май жана башка эң зарыл азыктарды тонналап таратты. Болгондо да республиканын бардык аймагына тегиз таратты. Баткенден тартып, Көлдүн Жети-Өгүз, Түп райондоруна чейин Раим Матраимовдун жардамы жетпеген бир да аймак калган жок.

Жакында “Кара-Суу”, “Дордой”, “Мадина” базарларын аралап келдик. Соода жок, товарларды айлап-жылдап ала албай жатышат. Мурун Раим Матраимовдун иш билгиги менен иштеп келген, Эркечтам, Торугарт посттору аркылуу кирип, Кыргызстан аркылуу өткөн чоң товар жүгүргөн каналдан айрылдык. Бул илгертен келе жаткан Улуу Жибек жолунун биздин өлкө аркылуу өткөн бөлүгү жабылып калды деген сөз. Ошондой эле жүз миңдеген мекендештерибизге иш орун, жашоонун булагы болуп берген чоң базарларыбыз жабылуу алдында турат дегенди билдирет. Соодагерлердин, ишкерлердин айтымында, Раим Матраимов үчүн Кыргызстан кичинекей эле рынок. Ал Кыргызстандын казынасына бир тыйын чыгым келтирген эмес. Тескерисинче, ошол кишинин аракети менен биздин өлкөгө эң арзан товарлар кирип, Кыргызстан Россиянын, Казакстандын рыногу үчүн ошол арзандыгы менен кызыктуу болгон. Эми Раим Матраимовдун каналы иштебей калгандан кийин, Россия, Казакстанда Кытай товары бизге караганда арзан болуп жатат. 30 жылдан бери эч качан мындай болгон эмес.

Кыргыз таможнясынын тарыхында бажыдан түшкөн каражаттар Раим Матраимов Бажы Кызматынын төрага орун басары болуп турган мезгилде рекорддук көрсөткүчтө болгон. Бажыдан акча түшүш үчүн сырттан товар кириш керек, демек, ал киши иштеп турган мезгилде Кыргызстан соодагерлер жана ишкерлер үчүн эң ыңгайлуу өлкө болгондугу талашсыз. Кыргызстандын базарларында миллиондогон долларлар айланып, мунун өзү сомдун курсунун кармалып турушуна да чоң өбөлгө болуп турган. Бул жөнүндө экономисттер да баса белгилеп айтып келишет.

Мурун Эркечтам, Торугарт аркылуу Кыргызстанга келип калчу товарлар айлап жол жүрүп, Россия, Казакстан аркылуу келип жатат. Бажы төлөмдөрү кошуна мамлекеттерге түшүүдө. Эң негизгиси чоң товар өтүүчү каналдан айрылып калдык. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн эбегейсиз сокку.

Батышчыл күчтөрдүн ач айкырык, куу сүрөөнү менен Раим Матраимов камакка алынды. Мындан ким утту? Эч ким уткан жок. Эл утулду.

Read Previous

Жыргалбек Касаболотов: “Тосмо арыз дегенди жоготуш керек”.

Read Next

Хашим Зайналиев: “Илимде уу коргошундун дары өсүмдүк катары таанылганына 120 жыл болду “!

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *