Равшан Сабиров кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Вице- премьер министр Равшан Сабиров кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Саналуу сааттардан кийин 2021-жыл кирип келет. Жаңы жыл – жылдын жаңырышы гана эмес, өткөн жылга саресеп салып, ийгилигибизге кубанып, кемчилигибизге өкүнүү, өткөн жылда жасалбай калган иштерди жаңы жылда жасоого мерчем түзүү.
2020-жыл бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүткүл адамзат үчүн оор сыноолордун жылы болду. АКШ баш болгон дүйнөнүн чоң мамлекеттерин убайга салып, миңдеген адам курмандыктарына алып келген КОВИД–19 илдети биздин өлкөнү да кыйгап өткөн жок. Бир нече мекендештерибизден, өлкөбүздүн коомдук жашоосунда, адабиятында, руханий турмушунда опол тоодой орду бар инсандарыбыздан айрылып, кабыргабыз кайышты. Ошентсе да жалпы адамзатка келген апаатты элибиздин ынтымагы, бири-бирине күйүмдүүлүгү жеңди. Медицинабыздын чама-чаркы чектелүү чакта меценттарыбыз, ишкерлерибиз, жарандык активисттерибиз, ыктыярчыларыбыз, дүйнөнүн туш тарабындагы мекендештерибиз элдин жеңилин жерден, оорун колдон алып кетти. Короновирус менен жалпы элдик күрөш аркылуу биздин дүйнөнү таң калтырдык. Биздин эл ынтымактуулуктун, бири-бирине күйүмдүүлүктүн, патриоттуулуктун болуп көрбөгөндөй үлгүсү көргөздү.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына болгон нараазылык өлкөдө бийлик алмашуусуна алып келди. Туташ кризиске капталган абалдан да тез эле чыгып кеттик деп ойлойм. Элдин күчү менен келген жаңы Өкмөт өлкөбүздүн укуктук талаага түшүүсүнө, экономикасынын кайрадан жандануусуна, мамлекеттин өз жарандарынын алдында болгон социалдык милдеттенмелерин аткарууга, калкты зарыл болгон кызматтар менен сапаттуу тейлөөгө бардык аракеттерин жасап жатат. Мен ынтымактуу элибизге, коомдун алдында социалдык милдетин терең түшүнгөн ишкерлерибизге, жарандык активисттерибизге терең ыраазычылык билдирем.
Өлкөбүз тез арада саясий, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдөн арылып, өнүгүү жолуна түшөт деп ишенем. Рынок шартында Кыргызстан башынан келе жаткан эркин экономикалык саясаттан бир карыш четтебейт. Биз кирип келе жаткан жаңы жылда эконимкабызды сактап гана калбастан, аны андан ары өнүктүрөбүз деп ойлойм. Ар бир жаңылануу жаңы үмүттү пайда кылат. Жаңы жылда өтчү Президенттик, парламенттик шайлоолор аркылуу бийликке таза, жаңыча ойлонгон, жаңыча иштеген муун келет деп ишенич менде бекем.
Өлкөбүз жаңы жылда стабилдүүлүктүн, өнүгүүнүн жолуна түшсүн. Биз үчүн бейпилдиктин баасы аябай кымбат. Ошондуктан ар бир мекендешим өлкөбүздүн бейпилдигин сактап, ар бири өз ордунда ийгилик жаратса экен деп тилек кылам.
Жаңы жылда жаңы үмүттөр ишке ашсын. Элибизди Алла Таала колдоп, жерибиз бейпил, элибиз тынч болсун. Көп улуттуу мамлекетибиздин эли ынтымак-ырашкерчиликте жашап, өлкөбүздү чогуу өнүктүрөлү.

Жаңы жылыңыздар менен!

Равшан Сабиров, КР вице-премьер-Министри

Read Previous

Токмок шаарында жип ийрүүчү жаңы фабрика ачылды

Read Next

Кайырбек Коңурбаев: “Кара-Кеченин көмүрүн жагып, абаны булгабай газга өтүүнүн айласын табыш керек”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *