Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Кыргызстанда мындан ары мыйзамсыз иштерге жол берилбейт. Мындай убадасын президенттик шайлоодо көпчүлүк элдин добушун алып, женишке жеткен талапкер Садыр Жапаров билдирди.
“Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!”, – деп жазган Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасына.