Садыр Жапаров: “Кийин хвостохранилищаны кармап турууга эле бир жылда 35 миллион доллар жумшайбыз”.

Интернетте учурда КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун 2014-жылы кыргыз элине жана ЖК депутаттарына Кумтөр боюнча кайрылуусу жарыяланды:

Урматтуу Кыргызстандыктар, Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

Учурда кыргыз элибиздин жүрөгүн тилген эки маселе боюнча  кайрылуу жасоону туура таап олтурам. Биринчиси, жалпы элдик талкууга коюлган Кумтөр маселеси, экинчиси, өлкөбүздөгү коррупциянын сазына баткан энергетика тармагы.

Өзүңүздөргө бегилүү болгондой, Кумтөр боюнча акыркы келишим 2009-жылы түзүлгөн экен. Келишимде “Юридикалык маселелер эл аралык соттордо, ал эми экологиялык маселелерди Кыргызстандын өзүнүн соттору карайт”, – деп так көрсөтүлгөн. Эгер коррупциялык жолдор менен иштесе, жаратылышыбызга зыян келтиришсе же келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарышпаса, анда Кыргызстан тарап бир тараптуу келишимден баш тартса болот деген нормалар аныкталган. Ачыгын айтканда, канадалыктар, келишимде көрсөтүлгөн шарттардын он пайызын дагы аткарышкан эмес. Тетирисинче, бизден чыккан алтын, күмүш, жез жана башка баалуу металлдардын баарын сыртка ташып кетишкен. Албетте, биздин өзүбүздүн эле бийлик башындагылар менен биргеликте бул фактыны ишке ашырып жатышат. Тилекке каршы, бул жат көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Мындан сырткары жаратылышыбызга келтирген зыяндын баасы бүгүнкү күндө, эксперттердин эсептөөсү боюнча, жүздөгөн миллиард долларды чапчып, Нарын суусунун жээгинде жашаган элибиз уу ичип олтурушат. Мындай учурда Кыргызстан бир тараптуу келишимден баш тартып, чыгып кетүүгө милдеттүү. Бул жол “ДЕНОНСАЦИЯ ” деп аталат. Бул жолду Жогорку Кеңеш ишке ашыра турган болсо, биз эл аралык соттордон эч утулбаган болот элек. Анткени, бизде бардык жетиштүү фактылар, документалдуу далилдер жана видео материалдары менен архивде сакталып турат. Мына ушул негиздерге таянуу менен жүздөгөн миллиард долларларга сотко берип, биз утуп алабыз.

Массалык маалымат каржаттарына ар ким чыгып алып: “Бул эл аралык келишим”, – деп баса белгилеп айтып жатышат. Андай эмес, туугандар. Бул маселе боюнча, 2012-жылы Тышкы иштер министрлиги аркылуу ООН го кат жөнөтүп жооп алгам. Ал жерде “Бул эч кандай эл аралык келишим эмес. Бизде учетто жок ”. – деп даана жазылып турат. Бул кагаздарды депутаттардын баарына таркатып да бергем. Тилекке каршы, Кумтөрдү мамлекетке алууну кыркка жакын депутат колдоп, калгандарын коркутуп, үркүтүү же сатып алуу жолдору менен бийлик башындагылар тоскоол болуп келе жатат.

Эми “УЛУТТАШТЫРУУ ” деген сөзгө келели. Бул жолду тандоо туура эмес деп ачык айтам. Анткени, “УЛУТТАШТЫРУУ ” деген бул кимдир-бирөөнүн менчик мүлкүн мамлекетке алып жатсаң, анда ошол мүлктү, базар баасында баалап, кожоюнуна акчасын төлөп бересиң. Кумтөр 100 пайыз Кыргызстандыкы. Башында Кумтөрдү күрөөгө коюп, кредит алуу менен Кумтөрдөгү фабрика жана бүгүнкү күнгө чейинки бардык мүлктөр, техникалар ийне-жибине чейин, Кыргызстандын эсебинен салынган экен. Кийин кайра алтын сатыла баштаганда, Кыргызстандын эсебинен жабылып коюлган. Документтер баарын тастыктап турат. Архивдер бар. Өз мамлекетибиздин менчигин өзүбүз “УЛУТТАШТЫРАБЫЗ ” дегенибиз – акылга сыйбагандык. Күлкү келээрлик нерсе. Эгер азыр УЛУТТАШТЫРУУ  жолу менен алдык дегиче, кыргыздар алдын ала эле өзүбүздү-өзүбүз колу-бутубузду байлап, эл аралык сотко салып берген болобуз. Анткени, кайсы гана сот болбосун: “ Силер “УЛУТТАШТЫРУУ ” менен булардын мүлкү экенин, өзүңөр далилдеп берип жатасыңар. Ошол себептен канадалыктар кыргыздын дүжүрлөрү аркылуу айттырып жаткан эки, үч миллиард долларды төлөп бергиле”, – деген чечимин чыгарат. Андан кийин биздин бийлик: “ Мына утулдук. Эми ал сумманы төлөй албайбыз”, – деген шылтоо менен Кумтөрдү толук өткөрүп беребиз деген сценарий менен алардын айтканындай бийлеп жатышкандай туюлуп турат.

Ошондуктан ДЕНОНСАЦИЯ  жолу менен алып, биз аларды миллиарддаган долларга сотко берүүгө милдеттүүбүз. Далилдерибиз жетиштүү.

“Кумтөрдү өзүбүзгө алсак, өзүбүз иштетип кете албайбыз”, – дегендер бар. Азыркы күндө жүз пайыз кыргыз азаматтары иштетип олтурушат. Албетте, үч жыл мурда алсак жакшы болмок. Кечиктик. Бүгүнкү күнгө чейин 60-70 тонна алтындан кур жалак калып, экологиялык катастрофа жүрүп жатат. 2012- жылкы текшерүүдө кылмыштары чыга баштаганда, Кумтөрдүн жетекчиси Роберт Вандер ордуна, Майкл Фишерди таштай коюп, Стефанс аттуу дагы бир чоңун алып, экөө качып кетишти эле. Кечээ жакында Майкл Фишери да качып кетти. Торонтодо олтуруп алышып “Келбейбиз. Телемост аркылуу сүйлөшөбүз”- деп кыргызды шылдың кылып олтурушса, биздин оозу булганган бийлик “Былыктарыбызды ачып жиберишпесин ”, – деп коркушуп, алардын музыкасына бийлеп берип жатышат. 50/50 кылабыз дегендериңер акылга сыйбагандык, 90/10 кылсаңар дагы бүгүнкү көрүнүш улана берет. Мамлекетке эч пайда келбейт.” Салык төлөп жатышат, алар менен пенсия, пособие берип жатабыз,”- деп элди алдаганыңар дагы убактылуу амалыңар. 5- 10 жылдан кийин азабын миңдеген эсе көрөөрүбүздү унутпагыла. Кийин хвостохранилищаны кармап турууга эле бир жылда 35 миллион доллар жумшайбыз. Бул факт. Анткени, бул сумманы Кумтөрдүн кызматкерлери өздөрү эсептеп беришти.

Бизде мээси жеткен менеджерлер жок дейсиңер. Бир Кумтөрдү иштетүүгө мээси жетпеген өкмөттү, бир саат дагы кармап кереги жок. Бир Күмтөрдү иштете албаган өкмөт кантип бүтүндөй мамлекетти башкара алат?

Экинчи маселе энергетика боюнча. “Калк айтса калп айтпайт” дейт. Ширшовдун системасын жойбостон бүгүнкү күнгө чейин улантып келе жатышы, энергетикалык кризиске алып келип такады. Мисалы, буга чейин ортомчу фирмалар электр станцияларынан 35 тыйындан сатып алышып, элге 70 тыйындан, ал эми Казакстан, Өзбекстанга эки сомго чейин сатып келишкен. Ал ортомчу фирмаларга, бир жылда 100-150 миллион доллар түшүп турат. Эмне бул ишти энергетика министрлиги өзү жасай албайбы? Албетте, жасай алат. Министрлик өзү сатып, андан түшкөн акча түздөн-түз казынага келип түшүш керек эле. Бирок бул иш менен бийлик башындагылардын өздөрүнүн фирмалары шугулданып жатканда, эч ким токтото албайт. Мисалы “Автомаш-Энергону” ким токтотот? Ошол себептен бүгүнкү энергетикалык кризиске келип такалдык. Тарыхыбызда электр энергия экспорттоочу өлкө болуп туруп, биринчи жолу импорт алып жатабыз. Аныбыз да асмандын башы. Беш сом алтымыш тыйын эмне деген шумдук? Анын 2 сом 50 тыйынын элдин мойнуна, калган 3 сом 10 тыйынын мамлекеттин мойнуна карыз кылып илип жатышы – чыккынчылык. Ошол себептен бул системага, деги эле мамлекеттин бардык тармагына ТЕМИРДЕЙ тартипти орнотууга убакыт келип жетти көрүнөт. Бул тартипти эл өзү орнотпосо, башка эч ким орното албай калган сыяктуу. Эл үчүн деген эл өкүлдөрү, тарых үчүн өз миссияңарды аткарышыңар керек. Бийлик, кызмат түбөлүктүү эмес, эл байлыгын, элдин жарыгын жана ыйманыңарды ойлогула. Мына ошол жол – түбөлүктүү.

Урматтоо менен, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров,

2014-жыл 15-декабрь, Варшава шаары.

Read Previous

Өнөрлүү короо шыпыргычтар!!!

Read Next

Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун арбагына арнап куран окуду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *