Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кол топтоо баракчасын Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда президенттикке талапкерлердин эл арасынан кол топтоо иштери жүрүүдө.
Кечээ, 2-декабрда президенттикке талапкерлердин бири Бабур Төлбаев да кол топтоо баракчасын тапшырган.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлер 30 миңден 60 миңге чейин шайлоочулардын колун топтоп, 3-декабрда саат 23:59га чейин БШКга тапшырышы керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.