Салижан Жигитов: “Кыргыз билимдүү кишини сыйлабайт, тескерисинче, чала билимдүү кишини сыйлайт”.

Айылдаш агам, улуттун ар намысы аталган Салижан Жигитовдун айткандары ар дайым актуалдуу. 11-февраль Салижан Жигитовдун көзү өткөн күн. Быйыл 17-мартта ал 85 жашка чыкмак. Агабыздан ажыраганга 15 жыл болду. Аны эстегенде:“Шуулдаба теректер, теректерим,Шуулдасаң ачышып каректерим. Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин”… деген ыр саптары келип, каректерибиз ачышат. Ар бир айткан сөздөрү намыска чакырат, аң сезимибизге бүлүк салат, көкүрөгүбүз ачышат. Куйкум сөздөрү көнүлүбүздү шаттантат. Жакын досу, калемдеши, санаалашы Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов эскергендей: Бир кезде Сократ жөнүндө уламыштар, икаялар айтылчу эле. Кийинки мезгилдеги кыргыздын рухий маданиятында, рухий дүйнөсүндө ушул Салижан Сократ сыяктуу болуп калат. Мунун акыл-эси, маданияты, ой жүгүртүүсү, ишмердиги, өжөрлүгү бизге улуу сабак болуп калат. Азыр арабызда болгондо коомубузду каптаган ириңди чукуп, баш-аламандыктарды таамай айтып, кыргызды камчылап, башчыларды акыл-эске чакырып турмак. Ошондуктан ал “Улуттун ар-намысы” аталып калганы чындык. Чыгаан журналист Алым Токтомушевдин “Салижан Жигитовдун сабактары” китебиндеги Салижан агабыздын ар бир айткан сөздөрү, анын мазмуну бүгүнкү күн менен дал келет. Анын актуалдуулугу күн сайын артат, эскирбейт. Мына ал китептеги Салижан Жигитовдун 25 жыл мурда: “Дүйнөдө адамды бийлик үчүн сыйлайт, байлык үчүн сыйлайт, анан билим үчүн сыйлайт. Биз болсо бийлик үчүн гана сыйлап келдик, анткени бийлик барда байлык бар. Эми мына миллионерлер чыгат, байлар пайда болот, ошолор кадыр күтүп, “колунда токочу бар бала сүймөнчүк” деп, ошолор сүйгүнчүктүү көрүнөт. Ал эми билими үчүн сыйлоо деген, ачык айтыш керек, азырынча кыргыз баласына жетелек. Кыргыз билимдүү кишини сыйлабайт, тескерисинче, чала билимдүү кишини сыйлайт, “Сокур табыпка баары бирдей” деп аларга кандидат болуп алса эле кандидаттын баары бир, доктор болсо, доктордун баары бир, ал эми академик болуп алса, дүйнөдө эң эле акылдуу киши ушу деп эсептейт. Ошентип, бизде чыныгы билимдин кадырына жеткен аз.Ага жетиш үчүн дагы бир элита пайда болуш керек. Духовный өмүр сүргөн, байлыктын кыныгына түшкөн сыяктуу билимдин кыныгына түшүп алган кишилер чыгышы зарыл. Биз, тескерисинче, ошондой сапат, жышаан байкала калган окумуштууларды баса калып, бийликке пайдаланып жатпайбызбы. Чындыгында алар ошол элитанын түбүн түптөп, өз ишин кылыш керек эле” – деп айткан пикирин бүгүн кантип эскирди деп айта алабыз! “Кыргыз интеллигенциясынын көзү кежигесинде” – деп таамай айткан сөзүн кантип тана алабыз!?Дагы бир жакын досу, пикирлеши, санаалашы Ишенбай Абдуразаковдун: “Салижан Жигитовдой чыгаан инсандар кыргызда кылымда бир жаралат” – деген сөзү эсимден эч кетпейт. Чын эле кылымда бир жаралчу айылдаш агамды эстеп кабыргам кайышып, каңырыгым түтөп отурам!

Кыяс Молдокасымов

Read Previous

Талант Мамытов спикерлерден бата алды

Read Next

Садыр Жапаровдун биринчи интервьюсу

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *