Сурабалдиева октябрь окуяларында жабыркагандар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар менен жолугушүу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жабыркаган жарандар ден-соолугу, мындан ары дарылануу жана реабилитациядан өтүүсү боюнча маселелери жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу билдиришти. Алар тарабынан медициналык мекемеде дарылануусу жана социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Вице-премьер-министр билдиргендей, көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларды мындан ары иштеп чыгуу жана чечүү боюнча тапшырмалар берилет.

«Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз. Өкмөт өз кезегинде бардык маселелерди көзөмөлдөп турат», – деди Эльвира Сурабалдиева.

Read Previous

13-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Read Next

Пакистан Кыргызстанга дары -дармек берди

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *