Талант Мамытов спикерлерден бата алды

Спикерлер клубунун кезектеги жыйыны “Супара” этнокомплексинде болду. Бул жолку жыйынды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин учурдагы төрагасы Талант Мамытов өткөрдү. Медеткан Шеримкулов, Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, Муратбек Мукашев, Алманбет Матубраимов, Ишенбай Кадырбеков, Зайнидин Курманов, Айтибай Тагаев, Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков, Исхак Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Дастан Жумабеков – мындай курамды чогултуунун өзү кыйын. Саясий көз карашы, адамдык натурасы, саясаттагы салмагы, турмуштук тажрыйбасы, дүйнө таанымы өтө эле ар түрдүү жетекчилердин бир аянтчага чогулуусунун өзү – чоң окуя.

Талант Мамытов улуу агаларынын кеп-кеңеш, акыл-насааттарына дайыма муктаж экендигин, алар үчүн эшиги такай ачыктыгын билдирди. Муундар ортосундагы байланышсыз, тажрыйба алмашуусуз эч кайсы иш алдыга жылбастыгы белгилүү. Айрыкча мыйзам чыгаруу бийлигинде опол тоодой тажрыйбасы бар Шеримкулов, Эркебаев, Текебаев, Султанов сыяктуу үлкөн фигуралардын кеп-кеңеши ар кандай рангадагы жетекчи үчүн баа жеткис. Улуу муун, орто муун, жаш муун – ушулардын биргелешкен, эриш-аркак аракеттери гана өлкөбүздү алдыга сүйрөйт.

Талант Мамытов аксакалдарга сый көргөзүп, батасын алды. Кыргыз наркы ушундай. Нарк сакталган жерде барк да болот. Эл башындагы жетекчилерибиздин арасында ынтымак-ырашкерлик боло берсин.    

Read Previous

Президенттин чоросу

Read Next

Салижан Жигитов: “Кыргыз билимдүү кишини сыйлабайт, тескерисинче, чала билимдүү кишини сыйлайт”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *