Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Социалдык фонддун жетекчилери ар бир райондон акча чогултуп, шайлоо өнөкөтүндө бир партияны колдошкон. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев 24 декабрда пресс-конференция убагында билдирди.
«Социалдык фонддун жетекчилери ар бир райондон 40-45 мин сомдон акча алып, кайсы бир партияны каржылап турган. Ушундай эле көрүнүш Мамкаттоо кызматында да болгон. Биз бул иштерди изилдеп, анын натыйжасында бир топ аткаминээрлер кармалды», – деди Ташиев.
Анын айтымында, мындан ары коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер дароо жоопкерчиликке тартылат.
«Эми ким кимден акча талап кылса, дароо камалат. Муну коррупция менен алектенгендер эсине бекем түйүп коюшсун», – деп баса белгиледи.
Ошондой эле УКМК жетекчиси мурдагы президенттин Жогорку Кенештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев кайсы бир ишканадан 7 млн сом алгандыгын ачыкка чыгарды.
«Ал кайсы ишканадан акча алгандыгын айта албайм. Бирок 7 млн сом акча алган деген факты тастыкталган», – деп билдирди Ташиев.
Эскерте кетсек, буга чеийин Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактысы менен кармалган.