Текебаев Ата -Мекен фракциясынын лидерлигинен кетти

Текебаев өз каалоосу менен Ата -Мекен фракциясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны болуп анда эки маселе каралды:1. “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигин аркалап келген Өмүрбек Текебаев өз ыктыяры менен фракция лидерлигинен баш тартып, ордуна Айсулуу Мамашова лидер болуп шайланды.2. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты болуп, бирок, партиянын да, фракциянын да иш-чараларына катышпаганы үчүн Гульнара-Клара Самат фракция мүчөлүгүнөн чыгарылды.

Бул чечим “Ата Мекен” фракциясы менен партиянын байланышын күчөтүү үчүн “Ата Мекен” фракциясы жөнүндө” Жобого киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык кабыл алынды.

Read Previous

Бабыржан Тольбаев: Мен адамдарды улутуна карап бөлбөйм

Read Next

Садыр Жапаров Кара-Кулжалыктардан кечирим сурады

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *