Токтайым Уметалиева: УКМК Курсан Асановго куугунтук катары жубайын суракка алды. Ал реанимацияда оор абалда

Укук коргоочу Токтайым Уметалиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ачык кат жазды.

Анын айтымында 11 январда таң атпай Курсан Асановдун келинчегин УКМК чакырып бир саттан ашык адвокаты жок сурака алган.

“Ошол учурда ал эсин жоготуп реанимацияга түшүп калган. Азыр да реанимацияда оор абалда экен. Урматтуу Камчы Ташиев !!! Бир күн шайлоодон кийин эс алганда сурака алса болбойт беле? Миңдеген кылмыш иштери каралбай эле жатпайбы. Эмнеге УКМК карайт жөнөкөй жарандык иш болгон соң. Менин 3 жылдан бери Свердлов районунун ОВД сында 3 өтө чон суммадагы чет өлкөлүк Туркиянын чоң компаниясынын акчасын бербей качып жүргөн 3 адам боюнча же прокуратура же РОВД же УКМК карабайт. Ал эмес иштери кайда калган экенин эч ким билбейт. Ошол эле ЦИКтин төрагасын эмнеге парламенттик шайлоону одоно бузганы үчүн сурабайсыңар. Каза болгон Умүт бала боюнча кандай иш чаралар көрүлүүдө? Ким кармалды, ким сурака алынды? Жарадарлар боюнча эмне иш алып барылды? Же болгон иштер ор кылмышка жатпайбы???Же УКМК Конституциянын баштапкасын эмнеге издебейт? Же бул иш болбогон ишке жатабы? Жаңы келген төрага катары эмне үчүн негизги мамлекетүүлүктүн коопсуздугун көтөрүү жөнүндө иштерди караттырбайсыз? Кайра дагы колу канга боелгон адам менен шайлоо өткөздүк???Сиздин карамагыңыздагы К.Асановдун зайыбы боюнча иш алып барып , адвокаты жок караган жана да азыркы күнгө чейин, себеби шайлонун жыйынтыгы бүтө электе Президенттике талапкер Курсан Асановдун ишенимдүү адамына жана үй бүлөөсүнө кысым көргөзүп оор абалга жеткиргендигине байланыштуу тергөөчүнү жана башчысын четтетирип баа берүүнүздү талап кылам.

Мындай иш Президенттике талапкердин өзүнө түздөн түз кысым көргөзгөнгө жатат!!”, – деген пикирин билдирген укук коргоочу !Токтайым Уметалиева.

Read Previous

Садыр Жапаров аянтта эл менен жолугушат

Read Next

Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алынат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *