Улуттук банк интервенция жасады

 Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда бешинчи ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк кечээ, 19-ноябрь күнү валюта рыногуна 3 млн доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 20-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Read Previous

Кыргызстанда коронавирус дагы 422 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

Read Next

Текебаев депутаттык мандаттан ажыратылат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *