Валентина Шевченкону дүйнөлүк ири басылмалар жылдын “Мыкты мушкери” деп тааныды

UFC” чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк бир канча ири басылмалар тарабынан “Мыкты мушкер” деп табылды.

Спортчу “Helwani Nose Awards” сыйлыгында “Жылдын мушкери” деп аталды.

Маалыматка ылайык, рейтингди ESPN телеканалында иштеген абройлуу ММА журналисттердин бири Ариэль Хельвани түзгөн.

“Чынын айтканда, бир мушкерди өзүнчө бөлүп көрсөтүү кыйынга турду, анткени көпчүлүктүн арасынан эч ким мынчалык айырмалана алган жок. Натыйжада алты айлап тизесинде жаракаты болгонуна карабай чемпиондук наамын эки жолу коргогон Шевченко тандалды”, — деген америкалык журналист.

Read Previous

Президенттик шайлоо. Садыр Жапаров 83,92% менен биринчи орунда

Read Next

Садыр Жапаров аянтта эл менен жолугушат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *