Ыш жыттанган борбор калаабыз

Бишкек эмес Ышкек. Советтер союзу учурунда эң жашыл, абасы таза шаарлардын катарына кирчү экен. Азыр абасы булганган шаарлардын сап башында туруп калганы өкүнүчтүү…

Шаардын ышталуусунун, абанын кирдөөсүнүн себеби эмнеде? Кээ бир адистер катализатору жок автоунааларды күнөөлөп жатканын окуп калдым. Бул көз караш канчалык деңгээлде чын экенин билбейм.

Шаарыбызды ыштан сактоо жолдору:

Күнөө жалгыз эле катализаторсуз автоунаалар эмес. ТЭЦте сапатсыз көмүрдүн жагылуусу жана түтүн чыгуучу трубаларында атайын түтүндү тазалоочу фильтрлердин жоктугу. Бишкектин вертикалдуу эмес, горизонталдуу өсүүсү. Жаңы конуш, айылдардын көбөйүүсү. Жеке баньяларда көмүрдүн ордуна эски дөңгөлөктөрдү жана тигүү цехтеринен чыккан калдык материалдарды колдонуусу. Сапатсыз бензин. Газдын тартыштыгы ж.б.у.с.

ТЭЦ жайында да иштейт, автоунаалар башка мезгилдерде деле жүрөт. Анда эмнеге кышында ыш көбөйүп кетет?

Бул физикалык кубулуш. Кыштан башка мезгилде асман көпчүлүк учурда ачык жана күн ысык болот. Ошондуктан ТЭЦтен, автоунаалардан ж.б жеке сектордон чыккан түтүн асманга көтөрүлүп кетет. Албетте анын да кесепети бар. Асманга көтөрүлгөн түтүн озон катмарынын бузулушуна себепчи болот. Ошону менен глобалдык ысуу келип чыгат. Глобалдык ысуунун кесепеттери ыштан да жаман экенин баарыбыз билебиз. Бул башка чоң тема. Демек кышында ТЭЦтен, автоунаалардан жана жеке сектордон чыккан түтүн абанын температурасы төмөн болгондуктан тез эле муздап, өйдө көтөрүлбөй калат. Ошонун негизинде шаарды ыш каптап жатат. Бир эле катализатору жок унааларды жок кылуу менен бул көйгөй чечилбейт. Бишкек шаарында негизи эле автоунаа нормадан алда канча көп.

Ыштан кантип арылабыз?

1. ТЭЦтерде сапаттуу көмүр колдонуу. ТЭЦтердин ыш чыгуучу турбаларына түтүндүн зыяндуулугун азайтуучу фильтрлерди орнотуу. Мүмкүн болсо газ менен иштөөчү мештерди коюп, көмүрдөн баш тартуу.

2. Бишкектин горизонталдуу чоңоюусун токтотуу. Айдоо же жайыт жерлерин үй куруу участокторуна бөлүп сатууга тыюу салуу. Жер басып алууларды жок кылуу. Буга чейинки курулган жаңы конуштарга жана айылдарга газ түтүктөрүн жеткирүү. Толук газ менен камсыздоо. Газ жеткирилген аймактарда көмүр жагуучу мештерди колдонууга тыюу салуу жана газ менен үй жылытуучу мештердин баасын төмөндөтүү же карапайым элге сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүү. Көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөргө газ мештерин арзандатылган баада сатуу, бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берүү. Кышында газдын баасын төмөндөтүү жана жаз айларына чейин бааны тоңдуруу.

3. Жеке менчик мончолорду көзөмөлгө алуу. Ар кандай калдыктарды колдонуп жылытууга тыюу салуу. Сапаттуу көмүр же газ колдонуу. Ошондой эле түтүн чыгуучу трубаларга түтүндү тазалоочу фильтрлерди орнотууга милдеттендирүү.

4. Бишкек шаарындагы автоунаалардын санын көзөмөлгө алуу. Ашыкча унааларды этап менен азайтуу. Эски унааларга салыкты көбөйтүү, эскилиги жеткен унааларды колдонуудан чыгаруу сыяктуу жолдор менен. Бишкек шаарына катталуучу унаалардын растаможка төлөмдөрүн чоңойтуу. Бир кишинин атына экиден ашык унаа каттабоо. Экиден көп болгон унаага салыкты чоңойтуу. Сырттан кирип жаткан унааларды жакшы тех кароодон өткөрүү. Катализатору жок унааларды киргизбөө. Катализатору жок унааларга айып пул салуу. Катализатор саткандарды жана сатып алгандарды жоопко тартуу.

5. Кыргызстан бардык нефть продуктуларын чет өлкөдөн сатып алат. Тагыраагы Орусиядан. Бизге таза бензин же дизель майы келбешин баары билишет. Ошону менен бирге эле көзөмөл жок. Сапатсыз нефть продуктуларын киргизбөө зарыл. Май куюучу жайларда сатылып жаткан күйүүчү майдын сапатын мезгил мезгили менен текшерип туруу.

Ушул жолдор менен гана абаны таза сактап калсак болот. Бирок мен санаган нерселердин баары өтө кыйын иш. Жакынкы жылдарда чечилүүсү күмөн.

Уланбек Ташиев, “Манас” университетинин магистранты.

Read Previous

Жеңишбек Эдигеев: “Швейцария узак жашагандардын, демек, кары-картаңдардын өлкөсү”.

Read Next

Мырза-Акеде Куран аяттары тынымсыз окулуп турмакчы..

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *