Зайырбек Ажиматовдун турмушу туура эмес чагылганбы?…

Акын, маркум кесиптешим Зайырбек Ажыматов тууралуу спектаклге барып келдим. Актёрлордун чеберчилигине, айрыкча акын агабызды ойногон жигиттин талантына баа бердик. Бирок спектаклди көрүп айрым жерлерин белгилеп койгум келди. Режиссер жана сценарист таарынбаса керек. Биринчиден, Зайыр байкенин образы кайгыдан башы арылбаган адамдай берилген экен. Ырас, атасы кичине чагында каза болгон, таенеси багыптыр. Жашоодо башы бүтүн, боору эсен ким бар дейсиң? Бирок ошол тагдыр болбосо, ошол таененин мээрими, тарбиясын көрбөсө Зайыр байке акын болот беле? Экинчиден, турмуш-тиричиликке эби жок адам катары көргөзүптүр. Мен бир бөлмөгө жетпей жүрүп өтүп кеткен көп эле акынды көргөм. Аларга караганда Зайыр байке чарбачыл, өз оокатына тың киши болчу. Өз мээнети менен үй салган экен, балдарын окутту. Бир ирет “үйдүн астына фонтан коём го” деп айтканда “музей кыласызбы?” деп күлгөм. Үчүнчүдөн, аялынын, Анара жеңенин образы өтө ачуулуу, Зайыр байкени мүлжүп жей берген, материалдык байлыкка кызыккан аялдай берилиптир. Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышкан чыгаар, бирок Зайыр байке жубайына өтө ыраазы экенин, анткени жаш үйлөнгөнүн, келинчеги анын кыялдарына чыдаганын көп айтчу. Төрт баласы бар, уулдары чоңоюп калган аялды ушундай кылып көрсөтүүнүн кажети бар беле? Ошол жердеги көрүүчүлөрдүн айрымдары “шумдук тура” деп ичинен жаман көрүп да калса керек. Төртүнчүдөн, азгырык ойлор окшойт, кара кийген адамдар акынды курчап алып “Азаттык деп, акча деп жүрө бересиңби?” деп шыбырап аткан эпизод кошулуптур. Ажыматов “Азаттыкка” иштегени үчүн эч качан өкүнгөн эмес, кайра “ушул жакка келип өзгөрдүм, жаңы тепкичке чыктым, мурда ураалаган ырларды жазчу экем, азыр уялам. Эң башкысы чоң тажрыйба топтодум” деп көп айтчу. Ага кесиптештер күбө. Алты-жети жыл иштеди. Жаман болгон жок, китеби чыкты, сыйлыктарды алып атты. Бир ирет “мен иштен кеткенде шакирттеримди ишке алгыла. Алар да өссүн, өзгөрсүн, жаңы деңгээлге чыксын” деп тамашага чаптырып айтканы бар. “Ошол шакирттеримдин бирин ордума калтырып, өзүм Аксыга барып, суу жээгинде ыр жазам” деген кыялына жетпей калды.Зайырбек Ажыматов маданий кабарчы болгондон кийин бардык бардык иш-чараларга барчу, бир макала даярдай турган болсо улук башын кичик кылып кеңешчү, окучу, изденип даярданчу. Ошол аракетинин баары ага чыгармачылык өсүшкө жардам бергенин белгилеп турчу. Спектаклде болсо жумуш берүүчү аны эзип иштетип, ырларын жазууга мүмкүнчүлүк бербегендей маани камтылыптыр. Акын агабыз абдан боорукер, жапакеч эле. Бир жолу өзү жегени эки токоч алып келе жатса астынан селсаяк чыга калган экен, экөөнү тең кармата салыптыр. Бир кесиптешим карызга сураган акчасынын жарымын дагы бир селсаякка бере салганын аңыз кылып айтып жүрөт. Кыргыздын жакшы жагын укса көкөлөп, жаманын укса кичирейип кеткен мекенчил эле. “Мамлекет өнүгүп, балдарыбыз жакшы жашоону көрсө экен, биздин муун ушул мекенди баалабай жатабыз” деп кейип калчу. Биз акын агабыздын ушундай жакшы сапаттары элге жетсе, жаштарга өрнөк болсо деп ойлойбуз. Ичимдикти анда-санда уурттоо, үй-бүлөлүк чыр баарында эле бар да. Аны сахнага алып чыгышып, бир байкуш адамдын образын түзүшкөнү акынды жакындан тааныган бизге оор тийди. Спектаклди койгондор сахнага чыгаруудан мурда билген-тааныгандардан сурап койсо болмок экен. Албетте, жоктон көрө жогору дегендей, Акынды эскерип тургандары жакшы. Бирок…

Санжи Туйтунова

Read Previous

“Кумтөрдөн” айлык жеген кыргыздар кимдер?

Read Next

Жыргалбек Касаболотов: “Тосмо арыз дегенди жоготуш керек”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *