Жалал -Абадда заманбап ветеринардык сервис ачылды

Жалал -Абад облусунун Жазы айыл аймагынын Кызыл Дыйкан айылында, жеке менчик “Дайырбек” атындагы ветсервистин ачылышы болду. Ветсервис заман талабына ылайыкталып, бардык ветеринарды талаптарга жооп берген шарттары каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик Ветеринардык Инспекциядан билдиришти.

Алсак, жасалма уруктандыруучу жай, практиканттарды окутуучу класс бөлмө жана айыл тургундарын ветеринардык дары-дармектер менен камсыздоо максатында ветаптека ачылды.

Райондогу ветеринардык дарыгерлерге семинар уюштурулду. Семинарда, жасалма уруктандыруу боюнча маалымат берилип, дарылоо ыкмалары көргөзүлдү.

Read Previous

Келемиштей каптаган коронавирус. Шайлоонун шайтан оюндары. Кыргызстандыктар үчүн 2020-жыл эмнеси менен эсте калды?

Read Next

Кыргызстанда кайрадан этке болгон баанын көтөрүлүшү байкалууда

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *