Жанара Бакирова: “Органикалык айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алат”.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы органикалык айыл чарба департаментинин жетекчиси Жанара Бакирова жер шарында климаттын өзгөрүүсүнүн себептеринин бири айыл чарбасында органикалык эмес жер семирткичтерди, синтетикалык препараттарды ашыкча колдонуу деп эсептейт.

Айыл чарбасына жарактуу жерлер улам азайып барат. Мунун өзү адам баласы үчүн туташ проблемаларды жаратууда. 15 жылдын тегерегинде органикалык айыл чарбасы маселелери менен алектенип жүргөн айым органикага кайтуу, табигый жол менен азы-түлүктөрдү өндүрүү үчүн департаменттин жүргүзүп жаткан иштерин айтып берди.

Эксперттин пикири боюнча, органикалык айыл чарбасы экологиялык кесепеттерди гана азайтпастан, агротармактын экономикалык жактан рентабелдүү болушуна да шарт түзөт.

Макала “Климаттын өзгөрүшү, ага байланыштуу тобокел факторлор, калкты өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу боюнча жагдайларды массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу аркылуу элге маалымдоо” долбоорунун алкагында даярдалды.

Read Previous

“Катар” кайрымдуулук фондунан кезектеги жардам

Read Next

“Экотартип” – экология сакчылары

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *