Жазуучу, журналист Жаныбек Жанузак каза болду

Бүгүн 17 декабрда жазуучу, журналист Жаныбек Жанызак каза болду. Бул тууралуу журналист Назгүл Насиева Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Жакшы сапаттагы мүнөздөрүңүз көп болчу. Чындыкты бетке айткан, абдан эмгекчил инсан элеңиз. Ыйманыңыз саламат болсун(. Сиз үчүн түнү-күнү күйүп чуркаган, мээримдүү кызыңыздын мээнети кайтпады(. Жакындарыңызга кайрат тилейм. Бөбөктөр үчүн чыгарган жомокторуңуз, компьютерлерге киргизген кыргыз ариптери, кыргыз гезит, китеп сайты жана Кыргызстанда эң биринчи миллионер журналист, Сиз болгонсуз. Сиз биздин элесибизде түбөлүк каласыз”, – деп жазган Насиева.

Белгилүү болгондой, Жаныбек Жанызак көптөн бери ооруп, ага жакында башына операция жасалган.  Ал бир нече кыргыз гезиттеринин, сайттарынын негиздөөчүсү, китептердин басып чыгаруучусу катары таанымал болгон.

Read Previous

Абалың кандай мугалим?

Read Next

Жеңишбек Эдигеев: “Швейцария узак жашагандардын, демек, кары-картаңдардын өлкөсү”.

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *