Жеңишбек Эдигеев: “Швейцария узак жашагандардын, демек, кары-картаңдардын өлкөсү”.

Жеңишбек Эдигеев: “Швейцария узак жашагандардын, демек, кары-картаңдардын өлкөсү”.

Се ля ви!

Exit

-Меңиз, окуңуз, колуңузга кармап көрүңүз, сиз деген журналистсиз да. Биздин жашообузду толук билишиңиз керек да! деди Поль мырза. Ал мага бир күбөлүк кагаз (карточка) сунду. EXIT деген. Exit. Бул англис тилинен Чыгуу деген сөз эмеспи. Бирок эмнеге, кайда чыгуу? Көрсө, ал коридорго же короого же эшикке чыгуу эмес – бу дүйнөдөн чыгуу экен. Ооба, ал бу жашоодон “чыгарган” документ экен.

– Мен бул уюмга 35 жылдан бери мүчөмүн. 35 жылдан бери жылына бир жолудан азганакай мүчөлүк акысын төлөп турам. Баары ошентет, бул жакта протестанттардын көбү ошентет, деди. Мен тунжурап калам. Ал мени көзүмө теше тиктейт. Таң калып да, бүшүркөп да, кызыгып да, түшүнбөй да турганымды байкап сөзүн улайт: – Жашоодо эмне гана болбойт, арыйсың, карыйсың, жалгыз каласың, бир күнү анан ооруйсуң. Мына ошо кезде кимдин көзүн карайм, кимге жүгүмү артам, кимди кыйнайм дейсиң да акыры ичиңден чечим кылып, мына ушул дарекке чаласың… Алар сен үйдө болсоң үйүңө, ооруканада болсоң палатаңа, карылар үйүндө болсоң ошол жакка бир паста жетип келишет. Баса! деди ал мени ойлуу карап анан да акырын күлүмсүрөп: – Алар көбүнчө колуна тыпыйган кичинекей сумка көтөргөн бир эркек киши анан бир аял киши болуп келет. Келет да чакырган кишинин жанына ыктап олтурушуп, сылык-сыпаа, аябагандай аяр мамиле менен кеп башташат… Алар андан үч ирет тактап сурайт: “Сиз муну өз эркиңиз менен кылып жатасызбы? Сиз буга даярсызбы? Макулсузбу?!” – Үч ирет! Ал киши үч ирет жообун тастыкташы керек. Алар анын баарын далил катары өздөрүнө сактайт. Анан, үч ирет жообун берген соң тиги эки кызматкер ал адамдын алдына эки ууртамдык суусундук жылдырат… Болгону жылдырып анын алдына коет. Аны ал өз колу менен алып өзү ичиши керек. Бул өтө маанилүү!

-А эгер ал колу калчылдап же оорусунан улам иче албасачы?! Жымжырттыгымды бузуп мен сурайм.

-Андайда жанына өзүнө ишенген эң жакын адамын алдыртып алышат да анын баары ошол жакын адамынын колу менен жасалат.

-Анан?!

-Анан эмне? Суусундукту ичкен соң тынч, таттуу уйкуга кетет. Ошо менен ойгонбойт!

Поль ушинтти. Ошентип айтты. Мени карап күлүмсүрөгөн калыбында. “Мен муну 35 жыл мурун эле ойлонгом. Акыры мага керек болуп калаарын билем… Мен аны сезем… Быйыл 84 төмүн. Кудайга шүгүр, бир жерим да оорубайт. Бирок ким билет… Ким билет эртең 84 төгү абышканын жашоосунда, ден соолугунда эмне болот? Ким билет. Мен бул уюмга 35 жылдан бери акы төлөйм. Атайылап, аң сезимим менен төлөйм. Мага болбосо да бу жашоодон түңүлгөн, бу жашоодон чарчаган башкаларга керек болсун деп, жардамым болсун деп төлөп келем… “

Бул нерсе ар өлкөнүн өз маданиятынан, менталитетинен, салт-санаасынан, дининен, анан да эң башкысы кам көрүүсүнөн, адам өмүрүн ийне-жибине чейин ойлонгондугунан, камсыздаганынан келип чыгат. Негизи эле Швейцария узак жашагандардын демек кары-картаңдардын өлкөсү. Ошондон улам кары-картаңдар темасы, маселеси, алардын саясаты жана шарты мамлекетте өзгөчө орунда. Карылар үйү мамлекет ичиндеги мамлекет сымал өзгөчө мелмилдеген жашоо. Өзгөчө шарт. Ошондон улам бизден айырмаланып “карылар үйүнө таштап салыптыр” делбейт, тескерисинче булар үчүн карылар үйүнө киргизиш кымбатка турат. Бирок баары бир анын, андай жашоонун “жүзү курусун”. Аны буюрбасын эч кимге. Баары бир канча бай өлкө болсо да анын аты – карылар үйү. Анын аты – жалгыздык.

-Жакында эле мен үчүн чоң жоготуу болду! деди аксакал Поль. – Менин жаш кезимден бери ынак курбу болгон бир жакын адамым каза болду. Өмүр бою юрист болуп өлкөгө эмгеги сиңген мыкты жан эле. Биздин элдин мыкты кызы болчу. Мага телефон чалды. “Келчи!” дептир. Түз эле жетип бардым. 7 жылдан бери бу шаардын четиндеги карылар үйүндө болчу. Экөөбүз алардын эс алуу бөлмөсүндө көпкө сүйлөшүп олтурдук. Көпкө олтурдук, акыры бир кезде: “Ça suffit!!!” деди. (Анысы “Жетишет!!!” дегени) – Мен эртеңкиге “Exit” ке чалдым! деди.

Мен ага эч нерсе дей алган жокмун. Жети жылдан бери ушул жерде, карылар үйүндө болчу. Мен баарын түшүндүм. Акырын гана колунан алып, кааргыдай бырыш колдорунан өөп чекеме тийгиздим. Жаш кездеги жибектей колдорун элестетип колунан көпкө өптүм да чыгып кеттим! деди, мисьө Поль.

Мен анын – мисьө Полдун үйүндө олтургам. Маңдай-тескей. Ал сүйлөп бүтүп, мени теше тиктеген бойдон үнү дирилдеп, колдорун майда калтырак баскандай сезилип кетти. Мен колумдагы Exit карточкасын карадым: Дарек жана телефондор. Тиги бетин оодардым. “Тартиби – терең ойлонгон чечимден кийин төмөнкүлөргө макулдугумду билдирем: (…)

Окуп чыгып акырын кайра өзүнө сундум. Ал анысын кылдат түртүп акча, документтер салган капчыгына кыстарып койду.

Эшикке чыксам караңгы кирип калыптыр. Шаардын чырактары күйүп, көчөдө автобустар, элдер өтөт. Башка элди жакындан билиш үчүн алардын кантип төрөлгөнүн, кантип жашап анан кантип өлгөнүн көрүп түшүнөсүң дегени ушул го дедим. Башка ойго алаксыш үчүн саатымды карадым да, бат-бат басып эртеңки пландарды ойлодум…

Read Previous

Жазуучу, журналист Жаныбек Жанузак каза болду

Read Next

Ыш жыттанган борбор калаабыз

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *