Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев өзүнүн фейсбук аккаунтуна экс-Президент Сооронбай Жээнбековдун раматылык агасы, илимпоз Кантөрө Токтомаматовдун атына коюлган залдан ал кишинин сүрөттөрүн алып чыгып кетип жатышкандыктары тууралуу жазды жана бул иш акылга сыйбастыгын айтып, коомчулукка кайрылды:
Азыр эле КГНУнун башкы корпусундагы Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун атынан коюлган Диссертациялык Кеӊеш өтүп жаткан залдан анын сүрөттөрүнүн баарын алып салганын көрүп аӊ-таӊ болуп келдим. Бир жыл мурун шаан-шөкөт менен ачылып, ичи азыркы компьютерлик техникалар менен жабдылып, досу Камчыбеков, окуу жай ректору Канат Садыков болуп мактоолор, музыка менен ачылган кабинетти Сооронбай кетер замат ушундай акыбалга алып келишкени акылга сыйбаган иш болду. Ректор Канат балким Сооронбайды жек көрөр. Анда эмнеге бул кабинетти ачтырышты? Кантөрөнүн кандай күнөөсү бар? Демек баарыӊарды ушундай шордуу келечек күтүп тураарын ойлойсуӊарбы? Атасынын арбагын сыйлап Алмазбек Атамбаев кайра-кайра жерге сууга тийгизбей көтөрмөлөгөн Канаттын кылаар иши ушубу??? Коомчулук! Бул окуя баарыӊарга тиешелүү. Бул чоӊ тарбия сабагы.