Жигит качан эрөөлдөн каччу эле? Исаев Жапаровду дебатка чакырды

Бүгүн КТРК каналында Кыргыз республикасынын президенттигине талапкерлердин ортосунда теледебаттардын экинчи туру болот. Ага талапкерлер: Канатбек Исаев, Адахан Мадумаров, Курсан Асанов, Садыр Жапаров, Элдар Абакиров жана Аймен Касеновдун катышуусу күтүлүүдө.
Өз кезегинде “Кыргызстан” партиясынын атынан чыккан талапкер Канатбек Исаев атаандашы Садыр Жапаровго Фейсбук баракчасы аркылуу кайырылып, дебатка катышып, берилген суроолорго жооп берүүгө чакырды.

“Дебаттын 1-турунда качып, келбей койгон талапкерлер, жигит болсо, элден жашырган көмүскө сыры болбосо келиши керек. Себеби, дебат талапкердин чыныгы жүзүн, ниетин, билимин, саясий дараметин ачык көрсөтчү эрөөл. Кыргыздын жигити качан эрөөлдөн каччу эле! Бардыгы толук келиши керек! Саат, 20:00до дебатты өткөрүп жибербеңиздер! Ар бир талапкерди сындан өткөрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк! Дебаттан кездешкенче…Түз эфирде бетме-бет жолугуп бири-бирибизге болгон, эл тарабынан берилген суроолорго жооп берели”, – деди Канат Исаев.

Ал эми учурда Ош облусунун Кара-Суу районун эли менен жолугушуу өткөрүп жүргөн Садыр Жапаров теледебаттарга катышпастыгын ачык айтып: “Мен бала кезден ушак -айыңдарды териштиргенди жактырбайм. Ал эми ал жакта жалаң ушактар, андыктан аларга убактымды короткум келбейт”, – деп айткан.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 10 январга белгиленген. Шайлоого 18 талапкер ат салышууда.

Read Previous

“БАЙРАКТАР ТБ2” ГЕОСАЯСИЙ ТААСИРИ ЖАНА МОСКВА-ПЕКИНдин ШАЙЛООДОГУ ФАКТОРУ…

Read Next

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *