Жымжырттык

ЖЫМЖЫРТТЫК…

Карашат түрдүү көздөр,

түзү бар, жалганы бар.

Айтылат сансыз сөздөр,

жеңили, салмагы бар.

Ойлоруң уйгу-туйгу,

орундуу, арманы бар.

Кыялдар учат, конот,

кайдадыр бармагы бар.

Көр турмуш көйгөйү көп,

көтөргүс дарманы бар.

Баардыгы кошул-ташыл,

жан дүйнө боштугунан,

жан дене оордугунан,

көз жашты кылгыртышса.

Карабай эч нерсеге ,кайдадыр басуу керек жымжырттыкка…

Жайнаган жаратылыш,

жан дүйнө жыргап турат.

Баардыгы өз тилинде,

үн-сөзсүз ырдап турат.

Өткөрүп жылуулугун, унчукпай угуп турат.

Укмуштай сулуулугун,

күткөндөй сунуп турат.

Булактын таза суусу,

көзүнөн тунук чыгат.

Керемет кайрыктары,

көңүлдү буруп турат.

Себелеп аппак кары

сергитип айлананы.

Теребел көрккө толуп,

түркүн куш сайраганы…

Эргүүгө себеп болуп,

төрт саптар жайнаганы,

булакта сөз бермети жылжып чыкма.

Ыракмат Жаратканга,

табигат тартуусуна,

нукура бүт баардыгы жасалмасыз.

Жан дене кере жутуп,

таптаза абасынан.

Жан дүйнө азык алып,

жагымдуу абазынан.

Эргитип жүрөгүңдү эргүүгө, жылуулукка,

суктанып сулуулукка басам жалгыз…

БЕШБОЛУШ МАТИСАКОВ

Read Previous

Айсулуунун жеңиши

Read Next

Жеңишбек Эдигеев: “COVID 19 деген вирус жок. Аны ойлоп чыгарышкан!”

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *